Агартуу министрлиги менчик мектептердеги окуу акысын жөнгө сала албай турганын билдирди

Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Агартуу министрлиги жеке менчик мектептердеги окуу акысын белгилеп же жөнгө салбай турганын билдирди. Министрликтин маалыматында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 55-беренесине ылайык, окуунун баасы, төлөө тартиби жана шарттары менчик мектептер менен ата-эненин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.

“Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын компетенциясына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери кирет. Ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жеке менчик мектептер тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын наркы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт”, - деп кошумчалады.

Антимонополия 2026-жылдын апрель айында Бишкектеги 104 жеке мектептин ичинен 45 мектептин окуу акысына мониторинг жүргүзгөн. Анда окуу төлөмү жылына 570 миң сомдон 1 миллион 340 миң сомго чейин жетери аныкталган.

Ушундан улам мекеме Бишкек шаарынын мэриясына менчик мектептерде окуу төлөмүн туруктуу кармоо, бир жылдык акысы 200 миң сомдон ашкан мектептерде билим берүү кызматтарынын өздүк наркына талдоо жүргүзүү сунушун берген.

Менчик мектептер ассоциациясынын жетекчиси Назира Молдобаева 25-майда Жогорку Кеңеште өкмөт сунуштап жаткан “Баа түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатканда өкмөт менчик мектептердеги окутуу баасын көзөмөлдөөнү көздөп жатканын айткан.

Назира Молдобаеванын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 325 менчик мектеп бар. Анда 110 миң бала билим алат. Бул өлкөдөгү жалпы окуучулардын 11 пайызын түзөт. Менчик мектептерде 18 миңден ашуун адам эмгектенет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандагы жеке менчик мектептердеги окуу акысына мамлекеттик көзөмөл киргизилбей турганын билдирген.

Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүү акысыз жүргүзүлөт. (BTo)

Дагы караңыз

ЖК комитети президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алдыСадыр Жапаров АКШда Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын айттыСегиз айда көлдөр жана суу сактагычтардан 101 миң метр тор чыгарылдыӨкмөттө мектептердеги китеп маселеси талкууландыУкраина: Лозовага соккудан киши өмүрү кыйылып, үчөө жабыркады. Запорожьеде беш киши жараат алды Зеленский менен Трамп телефондон сүйлөшүп, Нью-Йоркто жолугушууну макулдашты ЖКнын дагы бир комитети “Жер кодексине” сунушталган өзгөртүүнү колдоду