Дүйнө лидерлери чогулган жыйындын алгачкы күнүндө АКШ президенти Дональд Трамп, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган мамлекет башчылары сөз сүйлөштү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров трибунага бешинчи болуп чыкты.
Быйылкы жыйын дүйнөнүн бир катар аймактарында согуш жана чыңалуу уланып, БУУнун гуманитардык кризистерди жөнгө салуудагы таасири тууралуу талкуу күчөгөн учурга туш келди.
БУУнун келечеги жана эл аралык коопсуздук маселеси биринчи күнкү негизги темалардын бири болду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорктогу БУУнун баш кеңсесинде Башкы Ассамблеянын 81-сессиясында сүйлөгөнү трибунага баратат. 22-сентябрь, 2026-жыл.
Жапаров БУУну реформалоону сунуштады
Садыр Жапаров сөзүнүн башында Украина, Иран, Судан жана Газа тилкесиндеги окуяларды атап, дүйнөдөгү согуштар менен гуманитардык кризистер эл аралык процесстердин татаалдашканын көрсөтүп жатканын айтты.
Ал Кыргызстан диалогго жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүгө ишенерин белгилеп, зарыл болгон учурда ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн тарыхында 2027-2028-жылдаргы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп шайланганын айтып, бул үчүн добуш берүүдө колдоо көрсөткөн баардык мамлекеттерге ыраазычылык билдирди.
Жапаров сөзүнүн олуттуу бөлүгүн БУУну реформалоого арнады. Ал Коопсуздук Кеңешинин курамын кеңейтип, Африкага эки, Латын Америкасына бир туруктуу орун берүүнү сунуштады.
Кыргызстандын президенти ошондой эле БУУ кабыл алган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөчү жаңы механизм түзүү демилгесин көтөрдү.
Башкы Ассамблеянын алдында мүчө мамлекеттер БУУнун резолюцияларын жана алган милдеттенмелерин канчалык аткарып жатканын көрсөткөн туруктуу ачык реестр түзүлүшү керек. Өлкөлөр үзгүлтүксүз отчёт берип, аны БУУнун Катчылыгы көз карандысыз эксперттер менен бирге көзөмөлдөп турмак.
Cанкция маселеси
Кыргызстандын лидери санкцияларды айрым мамлекеттер башка эгемен өлкөлөрдүн "ички иштерине кийлигишүүнүн куралы катары колдонулууда" деп, бир тараптуу чектөөлөр Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттерге да таасир этип жатканын токтолду.
«Айрым ири мамлекеттер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдү кээ бир маселелер боюнча соодалашууга барууга мажбурлап, ультиматум коюуда», - деди Жапаров.
Ал санкция киргизүү тууралуу чечимдер БУУнун Уставына ылайык жана Коопсуздук Кеңешинин ыйгарым укуктарынын чегинде гана кабыл алынышы керек деген сунушун билдирди.
«Кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугун бир гана Бириккен Улуттар Уюмуна беришибиз керек», -деп тактады Жапаров.
Ал санкция киргизерден мурда алардын гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттери бааланып, чектөөлөрдү кийин алып салуунун так критерийлери көрсөтүлүшү керектигин айтты. Мындан тышкары БУУнун алдында санкцияларга мониторинг жүргүзүп, аларды үзгүлтүксүз карап турган бирдиктүү эл аралык механизм түзүүнү сунуштады.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан басып кирген соң Москвага гана эмес, ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып жатат.
Кыргызстандын бийлиги эл аралык эрежелерди бузбаганын такай кайталайт.
Башкы Ассамблеяда президент Жапаров климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан маселени да көтөрдү.
Соңку 170 жылда Ысык-Көлдүн деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөнүн, соңку беш жылда суу жылына жети сантиметрге тартылып баратканын айтты. Көлгө куйган 101 дарыянын 30га жакыны гана азыр жыл бою кирет.
Жапаров БУУну, эл аралык каржы институттарын жана донор мамлекеттерди Ысык-Көлдү сактоо үчүн атайын трасттык фонд түзүүгө чакырды.
Кыргызстан фондго мамлекеттик бюджеттен 10 миллион доллар салууга даяр экенин билдирди.
«Ысык-Көл - бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз», - деди Жапаров.
Кыргызстан 2027-жылдын 1-январынан тартып тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсүнүн милдетин аткара баштайт. Жапаров Башкы Ассамблеяда айткан БУУну реформалоого байланыштуу сунуштарын Кыргызстан Коопсуздук Кеңешине киргенден кийин расмий түрдө көтөрөрүн билдирди.
Трамп Орусияга санкция салууга даяр экенин айтты
Жапаровдон мурда трибунага чыккан АКШ президенти Дональд Трамп да санкция маселесине токтолду.
АКШ президенти Дональд Трамп
Трамп Украинадагы согушту тез арада токтотсо болоруна ишенерин айтып, Вашингтон бул боюнча Орусиянын жана Украинанын жетекчилиги менен тыгыз иштеп жатканын билдирди.
«Биз муну эл ойлогондон да тезирээк ишке ашырабыз», - деди ал.
АКШ президенти ошол эле учурда Вашингтон Москвага басымды күчөтүүгө даяр экенин айтты. Ал Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзамга кол койгонун эске салып, зарыл болсо бул чараларды колдонорун билдирди.
«Керек болсо бул санкцияларды колдонууга туура келет», - деди Трамп.
Америкалык лидер Украинадагы согуш тууралуу сөзүндө «адам өлтүрүүнү токтотууга убакыт келди» деп кошумчалады. Трамптын сөзүнө караганда, АКШ Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүү аркылуу макулдашууга жетүүгө аракет кылууда.
АКШ президенти өз сөзүндө Эл аралык кылмыш сотуна байланыштуу кескин билдирүү жасады.
Трамп сотту «көзөмөлдөн чыгып кеткен институт» деп сындап, ага мүчө мамлекеттердин баарын уюмдан чыгууга чакырды.
«Эл аралык кылмыш сотуна мүчө бардык мамлекеттерди бул көзөмөлдөн чыгып кеткен институттан дароо расмий баш тартууга чакырам», - деди Трамп.
Ал Вашингтон америкалык аскерлердин АКШнын юрисдикциясын тааныбаган эл аралык сот алдында жооп беришине жол бербей турганын айтты. АКШ Эл аралык кылмыш сотун түзгөн Рим статутуна кошулган эмес.
Вашингтон буга чейин Гаагадагы соттун бир катар өкүлдөрүнө санкция киргизген. Reuters 20-сентябрда Трамптын администрациясы Эл аралык кылмыш сотунун өзүнө каршы да санкциялардын пакетин даярдаганын кабарлаган.
Эрдоган: «Дүйнө бештен чоң»
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да сөзүнүн урунтуу бөлүгүн Улуттар Уюмун реформалоого арнады.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган
Ал БУУ дүйнөдө тынчтык менен коопсуздукту сактоо боюнча өзүнүн негизги милдетин аткара албай калганын айтып, Коопсуздук Кеңешинин түзүмүн өзгөртүүгө чакырды.
«190дон ашык мамлекеттин эрки беш өлкөнүн каалоосуна көз каранды болгон түзүм адилеттүү эмес жана толук ишеним жарата албайт», - деди Эрдоган.
Коопсуздук Кеңешинин АКШ, Орусия, Кытай, Франция жана Британия кирген беш туруктуу мүчөсүнүн вето укугу бар. Эрдоган көп жылдан бери бул системаны «Дүйнө бештен чоң» деген ураан менен сындап жүрөт.
Эрдоган Газа, Украина, Орусия, Мьянма, Дарфур, Иран жана Ливандагы жаңжалдарды азыркы эл аралык системанын алсыздыгынын мисалы катары атады.
Түркия президенти өзгөчө Газадагы кырдаалга токтолду. Ал Израилдин аракеттерин кескин айыптап, акыркы үч жылда Газада 74 миң адам, алардын көбү аялдар жана балдар каза болгонун айтты.