22-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековдун иши боюнча соттук отурум уланды.
Анда Мавлян Аскарбеков Фейсбуктагы баракчасына түз эфирге чыгып, Кыргызстанда иштеп жаткан Кытайдын жарандары боюнча пикирине лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн Юстиция министрлигинин эксперти Нурлан Сакпаев көрсөтмө берди. Ал видеодо “улут аралык кастыкты козуткан сөздөр бар” деген корутунду чыгарып берген.
Мавлян Аскарбековдун эксперттин корутундусуна макул эместигин айтып чыкты.
Адвокат Эрик Ирискулбековдун маалыматы боюнча, Мавлян Аскарбековго Фейсбуктагы билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.
Мавлян Аскарбеков кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзү тууралуу провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.
Саясатчы коюлган айыпты четке кагып келе жатат. Кийинки соттук жараян 28-сентябрда болот.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген. (BTo)