Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-сентябрдагы отурумунда президенттикке талапкер болууну каалагандар үчүн шайлоочулардан кол чогултуунун тартибин бекитти.
Жобого ылайык, кол топтоо “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын жардамы менен жүргүзүлөт. “Түндүктөн” шайлоочунун тек-жайы электрондук түрдө ырасталып, ал кайсы бир талапкерди колдой турганын билдирет. Ал катталгандан кийин тиешелүү маалыматтар, ошондой эле колдоону билдирген күн жана убакыт маалыматтык тутумда автоматтык түрдө катталат.
Боршайком кол чогултуунун мындай жолу кагаз документ жүгүртүүнү азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек.
Буга чейин кол чогултуу кагаз жүзүндө болуп келген. БШК чогултулган колдун аныктыгын текшерип, адамды талапкер кылып каттоо же баш тартуу чечимин кабыл алчу.
Президент Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан өлкө жетекчисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон.
Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. (ZKo)