Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров эки айга камалды

Азамат Кадыров.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров 20-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту 23-сентябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны менен кошо А.Ж.А. аттуу дагы бир адам кармалган. Бирок ал ким экени азырынча белгисиз.

Атайын кызмат козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. Соттун маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айып коюлду.

36 жаштагы Азамат Кадыров 2023-жылы Бишкек шаарынын мэринин жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү, транспорт жана жол инфратүзүмү маселелери боюнча орун басары болуп дайындалган. Ал 2026-жылдын июнь айында кызматтан кеткен.

УКМК козгогон кылмыш иши боюнча Азамат Кадыровдун адвокаты жана жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Быйыл жети айда Кыргызстан экспорттогон автоунаанын 81% Орусияга жөнөтүлдүБекназаров “кемпирабадчылар” Ташиевди сотко берерде президент токтотуп калганын айттыҮч өлкөнүн өкүлдөрү Алматыда "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун талкууладыОрусиянын чабуулдарынан Украинада сегиз киши каза тапты"Бийликти күч менен басып алууга" айыпталган саясатчылардын иши сотто каралууда Министрлик инвесторлорго жер берүү сунушун инвестиция тартуу менен түшүндүрдүПарламент президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына белгиледиКыргызстан жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк уюмду негиздөөчүлөрдүн катарына кирдиБШК төрагасы: шайлоо боюнча эл аралык байкоочулардын көп сунушу реалдуулукка туура келбейтМахабат Тажибек кызынын сотуна эксперттер экинчи жолу келген жокДепутат Талиева окуу китептеринин мазмунун текшерүүнү сунуштады