Өкмөт келерки жылы социалдык тармакка өзгөчө көңүл буруларын билдирди

Министрлер кабинети келерки жылдардагы республикалык бюджеттин долбоорун карады. 25-сентябрь, 2026

Келерки жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727 млрд сомду түзөт деп болжолдонууда. Бул быйылкы жылга салыштырганда 176 млрд сомго же дээрлик 32% көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сом болот.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджеттин долбоору каралган жыйында айтылганын “Ынтымак ордо” кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев келерки жылы социалдык тармакка өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Кыргыз өкмөтү билим берүүгө 134,2 млрд сом (+45,2 млрд сом), саламаттык сактоого 76,4 млрд сом (+21,7 млрд сом), социалдык коргоого 47,3 млрд сом (+21,6 млрд сом) бөлүүнү пландап жатат.

«2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге “Бала Береке” бир жолку төлөмү бериле баштайт. Ошондой эле “бала ырысы» жөлөкпулу жана шарты катаал бийик тоолу аймактардагы электр энергиясына 50% компенсация уланат», - деп айтылды маалыматта.

Улуттук банк жакында эле экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашканын, өлкөдө баалардын өсүшү уланып жатканын жана жыл аягына чейин инфляция 15% жетиши мүмкүн экенин маалымдаган. Баалардын кескин өсүшү кызмат көрсөтүү, эт жана башка азык-түлүк товарларында байкалган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөт бааларды турукташтырууга жана инфляцияны ооздуктоого дээрлик 39 млрд сом бөлөрүн билдирген.

Анын айтымында, фермерлерди колдоо, дан азыктарын кошумча нарк салыгынан бошотуу жана күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантуу сыяктуу чаралар көрүлүп жатат. (КЕ)

Дагы караңыз

Билл Гейтс жасалма интеллект "миллиард адамдын өлүмүнө себеп болушу мүмкүндүгүн" айттыИран АКШга Ормуз кысыгын ачуу планын сунуштаганы, Трамп аны четке какканы маалымдалдыБишкек шаарында май алмаштыруучу жайдагы өрт өчүрүлдүОрусия Киевдеги соода борборуна сокку уруп, адам өмүрү кыйылды