"75чилердин иши": Шаардык соттун чечими адвокаттарга берилди

Нурланбек Тургунбек уулу, Камчыбек Ташиев жана Курманкул Зулушев, Бишкек шаардык соту. "Азаттыктын" коллажы

"75чилердин иши" боюнча судьялар коллегиясынын толук актысы иш боюнча айыпталгандардын адвокаттарына берилди. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралимов "Азаттыкка" билдирди. Ал актыда да соттун оозеки өкүмүндөгүдөй эле "шайлоочулардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" деп жазылганын "Азаттыкка" билдирди.

"Эркиндигинен ажыратпоо үчүн. 326-берене "өзгөчө оор" берене да, ал жерде пробация жок, ошондуктан, "шайлоо" деген сөзгө байлады да. Жарандардын шайлоо укугуна тоскоолдук кылуу" деп окшоштуруптур. "Акталсын" деген сөз жок. Мен актыда "326-берене боюнча кылмыш курамы жок, акталсын" деп жазылат бекен деп күткөн элем, бирок ага эрк жетпептир. "326-берене 195-беренеге переквалификация кылынсын" деп жымсалдап коюптур".

Адвокат мурдагы сот бутагы айыпталуучуларга коюлган бир өзгөчө оор деп саналган 377-беренени ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жойсо, шаардык сот 326-беренени ("Бийликти басып алууга даярдык") жоюп, аны 195-беренеге ("Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу") алмаштырганын, Жогорку сот бул беренени кыскартып жибериши да ыктымалдыгын кошумчалады.

10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулгандуу иш боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.

Соттун мындай чечимине айрым айыпталуучулардын адвокаттары нааразылыгын билдиришкен. Алар айыпталуучулар башка иштин негизинде күнөөлүү деп табылып, укуктук негизде коргонууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтып чыгышкан.

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин адвокаты Жоомарт Аширбаев соттун чечимин саясий мүнөздө деп бааласа болот деген пикирин билдирген.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылган.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Президент Садыр Жапаров 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.

Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

"75чилер каты" боюнча шаардык соттогу процесс өлкөдөгү көңүл борборунда болгон саясий окуяга айланды. Катка кол койгон бир нече коомдук-саясий ишмер күбө катары көрсөтмө берди.

Райондук соттун чечиминен кийин Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуу ниети болбогонун, саясий өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын ачык билдирген. (TAb/ZKo)

Дагы караңыз

Киевде бала бакча, мектеп, байланыш түйүндөрү, Сауд Арабия элчисинин резиденциясы соккуга кабылдыЧет өлкөлөрдөн которулган студенттердин маселеси парламентте жабык каралуудаСербиянын президенти Вучич кызматтан кетерин, премьерлик үчүн ат салышарын жарыяладыКаспийдеги кырсык: "Аскерлер машыгуу үчүн материал эмес""Жалгыз уулубуз жасалма жол менен согушка айдалды”. Орусиядагы мигрант үй-бүлө президенттен жардам сурайт