Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) жарандарды "концерт болот" деп алдап, билет сатып, качып жүргөн жаран кармалганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы М. С. аттуу жаран 2026-жылдын август айында социалдык тармактар (Инстаграм, Фейсбук, Телеграмм) аркылуу “2026-жылдын 26-сентябрь күнү Ош шаарынын “Бабур” театрында Өзбекстандын эстрада жылдыздары катышкан чоң шоу концерт болот” деп жарнама кылып, ар бир билетти 2000-4500 сомдон сатып, жарандарды алдап качып кеткен.
Шектүү ошондой эле “Өзбекстандын эстрада жылдыздарынын концертин Ош шаарында уюштурарын, түшкөн каражатты бөлүшөрүн” айтып алдап, шаар тургунунан 10 миң доллар акчасын накталай алып, изин жашырып кеткени кошумчаланды.
Шаардык милиция бул фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Шектүү 19-сентябрда Ош шаардык сотунун чечими менен эки айга камалды.
Милиция бул жарандан жабыркагандар болсо Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырды.
Кыргызстанда жарандар түрдүү жолдор менен шылуундарга алданып, акчасын алдырган учурлар көп катталат. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында уюлдук телефон, интернет алдамчылыгына байланыштуу 4391 материал катталып, 1711 кылмыш иши козголду. Анын ичинен 695 кылмыштын бети ачылып, 1116 иш тергелип жатканы кабарланган. (ZKo)