Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Ильич Марсбек уулу Кыргызстанда өкмөт эттин баасын килограммы 770-870 сом деп бекитиши боюнча түшүндүрмө берди. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып ал:
"Биз тиешелүү адистер менен чогуу эттин өз баасын эсептеп чыктык. Багуу, кароо чыгымдарын кошуп санаганда 1 кг бодо малдын этинин өз баасы 600 сом деп саналды. Ал эми жайлоодо багылып келген малдын эти 1 килосу 233 сом. Ошондуктан, өкмөттүн токтому менен эттин баасын 770-870 сом деп бекитүү туура. Учурда союлуп, базарга чыгарылып жаткан эттин баары жайлоодо багылып келген малдыкы", - деди Марсбек уулу.
Министрдин орун басары Бишкекте жана Ошто этти арзан сатуучу соода түйүндөрү ачылганы жакшы натыйжа берип жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, он соода түйүнү иштеп жатат, учурда дагы отуз соода түйүнүнө тендер жарыяланган, кийинки жылы эт сатуучу соода түйүндөрүн жүзгө жеткирүү пландалган.
Өлкөдө эт кымбаттап кеткендиктен 2025-жылдын 11-августунан тартып баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилип, белгилүү сумма бекитилген. Бирок социалдык тармак колдонуучулары базарда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт белгиленген баадан кымбат сатылып жатканын жазып келишет.
Кыргыз өкмөтү эттин баасын көзөмөлдөө үчүн бодо малды жана майда жандыкты Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салган.(ZKo)