Депутат Жунушбаева жети айда 900дөн ашуун ымыркай чарчап калганын айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жети ай ичинде 976 ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева парламенттин 30-сентябрдагы отурумунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, наристелердин өлүмүнө жүрөк кемтиги оорусу себеп болгон.

"Статистикага карасак, үстүбүздөгү жылдын жети айында 976 ымыркай тилекке каршы, чарчап калган. Бул жөн эле сан эмес, миң үй-бүлөнүн кайгысы, миң баланын чыкпай калган деми. Алардын көпчүлүгү тубаса оорулардан жана жүрөк кемтиги илдетинен чарчап калышкан. Акыркы күндөрү Ахунбаев атындагы жүрөк хирургиясы клиникасында (Жүрөк жана башка органдарды трансплантациялоочу хирургиялык илим изилдөө борбору) 33 бала чарчап калган. Томогораф, ангиограф деген медициналык жабдуулар орнотулбай, таңгакталган бойдон турат экен, балдарды башка ооруканаларга алып барып, аппараттан өткөрүп келип жатышыптыр".

Жунушбаева Саламаттык сактоо министрлигин бул боюнча өзүнчө комиссия түзүп, текшерүү жүргүзүүгө, балдардын өлүмдөрүнүнүн себептерин аныктоого жана клиниканын жетекчилигинин ишине баа берүүгө чакырды. Депутат мындан тышкары Эсеп палатасынан да ооруканага сатылып алынган жабдууларга байланыштуу текшерүү жүргүзүүнү суранды.

Аталган министрлик депутаттын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

Жүрөк жана башка органдарды трансплантациялоочу хирургиялык илим изилдөө борборунун эмгек жамаатынын нааразылыгы социалдык тармактарга жана айрым маалымат каражаттарында жарыяланган. Алар жаңы дайындалган жетекчисинин тушунда клиникада абал начарлап, жүрөк кемтиги менен туулган 33 ымыркай чарчап калышканын билдиришкен.

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 666 бала чарчап калганын Улуттук статистика комитети маалымдаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын токой аянты 33 жылда 506 миң гектарга көбөйдү 1-октябрдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтКосмостук атаандаштык. Кыргызстан спутник учурууга камданууда"Өтө кооптуу тенденция". Орусиячыл эксперттердин көздөгөнү эмне? Кыргызстандын эл аралык маанидеги коруктар тизмесин кеңейтүү пландалуудаПсихиатриялык эки диспансерде оор кылмышка айыпталган 160 адам дарыланып жатканы айтылды