Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча кол топтоо жүрүүдө

Аскаракан Абдибаева

Сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар үчүн жазанын пробациялык көзөмөл түрүн колдонууну карап көрүү сунушунан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратуу талабы менен кол топтоо жүрүүдө.

Мындай мазмундагы петиция социалдык тармактарга жарыяланды. Учурда ага 4,5 миңден ашуун адам кол койду.

Абдибаева коомчулуктун сынына кабылган билдирүүсүн 29-сентябрда парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айткан. Анда эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексиндеги сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча жаза айрымдар үчүн катаал болуп жатканын белгилеген. Мындан улам пробациялык жаза чегерүү жагын карап көрүү зарыл экенин сунуштаган.

Парламенттин тармактык комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында укук коргоо органдары жарандардын адеп-ахлактык саламаттыгына, жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштарды алдын алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маалымат беришкен.

Депутаттын сунушу Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө («Зордуктоо») жана 157-беренесине («Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») байланыштуу болгон.

30-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирүү жарыялап, Абдибаева 19-25 жаштагы көптөгөн жарандар куру жалаа менен түрмөдө олтургандыгы тууралуу ата-энелеринен кайрылуулар арбын келип жатканын жүйө келтиргенин белгилеген:

"Бирок жашы жете элек балдарга ыдык көрсөткөндөр үчүн жаза чараларын жеңилдетүү тууралуу маселе көтөрүлгөн эмес. Андан тышкары бул багыттагы мыйзам долбоору да каралган жок".

Жыйынга катышкан Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев буга чейин мекеме ушуга окшош демилгелерге терс корутунду бергенин билдирген.

Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталган. Алардын 228и сотко жөнөтүлүп, 30у боюнча тергөө уланууда. Бир кылмыш иши кыскартылган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы мындай мүнөздөгү 444 кылмыш иши катталып, алардын 381и сотко өткөрүлгөн.

Айсаракан Абдибаева 2025-жылы бир мандаттуу №15 шайлоо округунан шайланып келген. Ага шайлоочуларды 3 988и добуш берген. (КЕ)

Дагы караңыз

Ош–Бишкек жолундагы кырсыктан төрт чет өлкөлүк каза болдуТранспорттук көзөмөл кызматкерлери мамлекетке 16 млн сом зыян келтирген деп шектелүүдөОрусия Киевдин Түштүк көпүрөсүнө бир суткада үч жолу чабуул жасадыУкраина согушта биринчи жолу "Пеликан" баллистикалык ракетасын колдонду