Кыргызстанда мамлекеттик чек ара бекеттеринде алдын алуу чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай чаралар Орусияда кара тумоо (чума) оорусу катталганы тууралуу маалыматтан улам кабыл алынды. Ага ылайык, бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлдү. Адистер чек арадан өтүп жаткан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү көзөмөлдөп, жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу инфекциянын Кыргызстанга киришине жана жайылышына жол бербөөнүн үстүндө иштеп жатышат.
Саламаттык сактоо министрлиги кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө экенин билдирди.
Көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө Иркутск облусунун Шелехов шаарында болгон окуя себеп болгон. Октябрдын башында ал жерде кара тумоого каршы институттун 27 жаштагы кызматкери каза болгон. Андан кийин Шелехов райондук ооруканасынын бир бөлүгү карантинге жабылган. Иркутск облусунун бийлиги ал учурда өзгөчө кооптуу инфекцияга шек бар экенин расмий билдиргени менен, оорунун аталышын тактаган эмес.
Каза болгон аял менен байланышта болгон 200гө жакын адам медициналык көзөмөлгө алынган. Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев 2-октябрда аларда оорунун белгилери аныкталбаганын, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары терс чыкканын билдирген.
Орусияда кара тумоо акыркы жолу 2016-жылы Алтайда катталган. (ZKo)