Эрулан Көкүлов депутаттардын көбү ЖКга акча, тааныш менен келгенин айтты

Эрулан Көкүлов

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов “Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын көбү акчасы же таанышы болбосо парламентке келе албай калмак” деп билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында сөз сүйлөп жатып айтты. Эрулан Көкүлов “парламентке туура эмес мамиле болуп жатканын буга чейин эле айтканын, маселе “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзам менен эле чечилерин” айтты. Андан тышкары “журналисттердин арасында мыйзамга баш ийбей калгандар да бар экенин” кошумчалады.

“Ушул жерде жарымыңар (ред: Жогорку Кеңештин депутаттары) акчаңар жок болсо, жарымыңар таанышыңар жок болсо отурмак эмессиңер. Ашып кетсе он чакты депутат калмак”, – деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентке айтылган сын-пикирлерге жооп берген. Ал Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө “мындан ары негизсиз доомат коюп, адамдын ар-намысына шек келтирген сөздөргө чара көрүлөрүн” айткан.

Төрага Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышын мурдагы чакырылыштарга салыштырып болбой турганын, себеби буга чейин Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу болуп Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары көп болгонун кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет жана беш депутаттык топ бар.

Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Мындай дооматтарды спикер, басымдуу депутаттар четке кагып келишет. (BTo)


Дагы караңыз

Кыргызстанда 2023-2025-жылдары кызамыктан 26 адам каза болгонНарын шаары менен Кочкор районунда 433 ипотекалык батир берилдиЖК кийинки аптада кымбатчылык, Бишкектеги ыш маселесин талкуулайтБыйыл 9 айда бюджеттин кирешеси 608 млрд сомду түздүДепутат Бекешев сексуалдык кылмыштарга жазаны жеңилдетүүгө каршы пикирин билдирдиДепутат Абдибаева мандатын тапшыруусун талап кылгандар боюнча УКМКга кайрыларын айттыСпикер Маматалиев парламентке айтылган сынга жооп берди