"Кемпир-Абад иши": Перизат Суранова кенемте талап кылып сотко кайрылды

Перизат Суранова.

“Кемпир-Абад иши” боюнча айып тагылып, кийин соттон акталган Перизат Суранова 7-октябрда мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө айтты.

“Бул менин укугумду калыбына келтирүү жана мамлекеттин жоопкерчилигине байланыштуу маселе. Бул ишти аягына чыгаруу мен үчүн маанилүү. Анткени бул бир гана мага тиешелүү иш эмес. Себеби мындай жагдайга туш болгон жарандар өтө көп. Бул ишке укуктук, саясий жана тарыхый баа берилиш керек”, - деди ал.

Ушул эле иш менен камалып, соттон акталган саясатчы Азимбек Бекназаров буга чейин “кемпирабадчылар” Камчыбек Ташиевди, Курманкул Зулушевди жана Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековду сотко берүүнү максат кылышып, бирок аларды президент Садыр Жапаров токтотуп койгонун билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан жалпы 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, камакка алынышкан. Аларга Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгоп, 2023-жылдын январында кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлган. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн.

Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес. Кармалган 27 кишинин ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

“Кемпирабадчыларды” 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту, 2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаардык соту актаган. “Кемпирабадчыларга” иш козголуп, камалган учурда Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп турган. (BTo)

Дагы караңыз

Акунбеков УКМК козгогон иш кылмыш курамы жок болгону үчүн токтотулганын айттыАдабият боюнча Нобел сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылдыБритания Кыргызстандагы Processing KG компаниясына санкция салдыАутизмдин эмдөөгө байланышы жоктугу аныкталганы айтылдыОрунтаев "Бишкек аренанын" курулуш наркы дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты"Коррупция" беренеси менен айып тагылган мурдагы транспорт министри Сулайманов эркиндикке чыкты