УКМК Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкери кармалганын билдирди

Кармалган шектүү. УКМК жарыялаган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору (1995-жылы туулган Д.М.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларация кылууга шек саналып жатат.

УКМК инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөргөнүн кабарлады. Жыйынтыгында бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй, мамлекетке көп суммада зыян келтирилген. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Шектүүнүн адвокаты менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Жапаров Кыргызстан Азербайжандан күйүүчү май сатып алууга даяр экенин айттыАдабият боюнча Нобел сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылды"Кемпир-Абад иши": Перизат Суранова кенемте талап кылып сотко кайрылдыАкунбеков УКМК козгогон иш кылмыш курамы жок болгону үчүн токтотулганын айттыБритания Кыргызстандагы Processing KG компаниясына санкция салдыОрунтаев "Бишкек аренанын" курулуш наркы дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты