Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кармалганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдирди.
Мурдагы чиновниктерди 9-октябрда Аскер прокуратурасы кармаганы айтылууда. Башкы прокуратура иштин чоо-жайы боюнча комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын февраль айында Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматынан алгандан кийин Курванбек Авазовду да атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары - Антитеррордук борбордун жетекчиси кызматынан бошоткон.
Каныбек Досмамбетов да февраль айында саламаттык сактоо министри кызматынан алынган. Ал ага чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынынын жетекчиси, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Мурдагы чекисттердин жакындары кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)