Иркутскиде кара тумоо ыктымалдыгына байланыштуу чектөөлөр алынды

Иркутскидеги Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институту.

Орусиянын Иркутск облусундагы 10-октябрга карата ооруканалар жана төрөт үйлөрү кадимки тартипте иштеп жатканын жергиликтүү басылмалар кабарлады. Бир күн мурда аймактын губернатору Игорь Кобзев медициналык мекемелерге киргизилген бардык карантиндик чектөөлөр алынганын жарыялаган.

Буга чейин жергиликтүү ооруканалар өзгөчө кооптуу инфекция жуккан болушу мүмкүн деген шектенүүдөн улам жабылган.

Эпидемиологиялык кооптонуу октябрь айынын башында Иркутскидеги Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун 28 жаштагы кызматкери Дарья Шипилова каза болгондон кийин башталган. Айрым маалымат каражаттары ал лабораторияда кара тумоонун (чума) козгогучун жуктуруп алган болушу мүмкүн деп жазып чыгышкан.

Алдын алуу чарасы катары Шипилова жаткырылган Шелехов райондук ооруканасы жана Иркутск шаарындагы бир нече клиника, төрөт үйү карантинге жабылган. Ал кызматкер менен байланышта болгон 200гө жакын адам толугу менен обочолонуп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

«Роспотребнадзор» мекемесинин атайын комиссиясы жана дарыгерлер бейтаптын биоматериалдарын кылдат изилдеп чыгып, анын өлүмүнө кара тумоо эмес, башка өпкө сезгениши (пневмония) себеп болгону аныкталганын жарыялаган.

Иркутскидеги кырдаалдан улам аймактагы өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик чек арадагы бардык санитардык-карантиндик пункттарда көзөмөлдү күчөткөн. Өлкө ичиндеги эпидемиологиялык абал туруктуу жана толук көзөмөлдө экени кабарланган.

Иркутск шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү калаада эч кандай дүрбөлөң жок экенин, ишканалар, соода борборлору жана коомдук жайлар кадимки нукта иштеп жатканын, бирок кооптонуу бар экенин "Азаттыкка" айтып беришкен.

Дагы караңыз

Зеленский АКШ–Орусия дизел келишимин "согушка инвестиция" деп атадыОш милициясы Өзгөндө "өз жанын кыйды" делген адамдын окуясына комментарий бердиУКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр кармалганы кабарландыКытай автоунаа экспортунун эрежелерин катаалдатты