10-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылында жер көчкү жылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти берген маалыматка ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрге, ал эми көчкү массасынын көлөмү 42 800 куб метр экени аныкталган.
Тогуз-Булактагы көчкү жүргөн аймак
Көчкүнүн жылуу ылдамдыгы болсо саатына болжол менен 1,1 метрди түзөт. Рыспай Абдыкадыров айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшитбек Бакировдун айтымында, жараканын пайда болуп жатканын жергиликтүү тургундар байкаган.
“Азыр көчкүнүн көлөмүн жеңилдетүү иштери башталды. Айланма жол салып берди. Баары турукташты. Негизи биздин айыл өкмөттүн 90 пайызы кооптуу аймак. Бул жер кооптуу деп эсептелбейт эле. Жолдо 25 тонналык жол техникасы жүрүп жатат. Ошол болду, жолду четиндеги таштарды чукуду. Ошондо жылганбы, үстүнөн эле жарака кетти. Буга эч кимди күнөөлүү деп айта албайбыз”, - деди Жамшитбек Бакиров.
Кара-Кулжа району менен Гүлчө шаарын бириктирген автоунаа жолу былтыр курулуп баштаган. ӨКМ жер көчкүнүн автивдешине жол куруучу автоунаалардын иштегени себеп болушу ыктымал экенин четке какпайт.
“Жер көчкүнүн активдешүүсүнүн негизги сепетери болуп, жер көчкүнүн активдешүүсүнө аймактын геологиялык өзгөчөлүктөрү жана автоунаа жолун куруу учурунда тоонун жантаймасынын төмөнкү бөлүгүнөн инерттик материалдардын алынганы таасир этиши мүмкүн”.
Жер көчкү коркунучунан улам айылдагы эки турак үйдүн 11 жашоочусу убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн. Аймакта топурактын көлөмүн азайтуу иштери башталган. Кара-Кулжа районунун акими Замирбек Сыдыков буларды билдирди:
"Жалпы көлөмү 42 миң тонна топурак салаңдап тоонун бетинде турган экен. Аны жеңилдетип алыш керек. Ошондон кийин бул коопсуз болуп калат деген жыйынтыкка келишти. Азыр чечим чыгардык, топурактын 60 пайызын алып койгондон кийин коопсуз болуп калат экен. Тапшырмалар берилди. Кудай буюрса, топуракты бир жуманын ичинде жеңилдеткиле дедик. Себеби каттамды толук ишке берүүдө дагы маселе жаралып жатат", - деди Сыдыков.
Кыргызстанда климаттык оош-кыйыштын айынан жер көчкү, сел өңдүү табыгый кырсыктар дагы көбөйүшү ыктымал экени айтылган.
Өлкөдө буга чейин адам өлүмү менен коштолгон ири табыгый кырсыктар катталган. Ушул тушта кооптуу аймактардан жүздөгөн адам көчпөй жашап келет.