Президент Садыр Жапаров абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовго козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.
Президент 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимованын суроосуна жооп берди. Ишкердин апасы “уулу жалган жалаа менен соттолгонун” айтып, ишин акыйкат карап берүүнү суранды.
“Эч ким аны (ред: Имамидин Ташов) подстава кылган эмес. Ал криминалдарга 450 миң долларлык батирин таратып, “революция кылам” деген. Ал кезде Камчы Көлбаев тирүү болсо керек. Ага жана анын балдарына батир тараткан. Акча чачып, “революция кылабыз” дегенин билем”, - деди президент.
Садыр Жапаров Имамидин Ташовдун иши боюнча сотко же укук коргоо органдарына тапшырма бере албай турганын, соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин ырайым сураса карап көрөрүн айтты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.
Ишкердин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.
Бишкек шаардык соту 17-июлда Имамидин Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин экөө – 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) жана 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп таап өкүмдү күчүндө калтырган. Ал эми үчүнчү – 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча акталган. Натыйжада биринчи инстанция берген 9 жылдык жаза 1 жылга азайып, 8 жылга түшүрүлгөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.
Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (BTo)