Чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келген ишкер, оппозициячыл активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарды.
Райондук соттун маалыматына ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берип, судья активистке мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтүн 13-ноябрга чейин деп аныктады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Алдамчылык” беренелери менен айып тагылууда.
ИИМ Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып, өлкөгө алынып келгенин 13-октябрда кабарлаган. Министрлик ал массалык башаламандыкка чакырган жана бир адамдан (М.Н.) чогуу ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен 150 миң доллар алып, алдап кеткен деп шек саналып жатканын билдирген.
Сыргак Кенжебаев 44 жашта, ишкер. Ал 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени, ага чейин “Юнилаб” деп аталган логистикалык компанияны жетектегени ачык булактарда көрсөтүлгөн.
2019-жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны “Алдамчылык” беренеси менен айыптап, Алматынын аэропортунан кармалган. УКМК Сыргак Кенжебаев ал кезде “ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча шек саналып жатканын, ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги ал дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.
Анын камакка алынышы ошол учурда жубайы, мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген “Үмүт 2020” кыймылынын коррупцияга каршы билдирүүлөрү, бийликти жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындап жаткан маалына туш келип, түрдүү талкууларды жараткан.
2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда жоон топ саясатчылар менен кошо Кенжебаев да тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы 12-октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылган.
Азырынча Сыргак Кенжебаевдин адвокаттары менен байланышууга мүмкүн боло элек.
ИИМ аны кайсыл өлкөдөн кармап келгенин тактаган жок.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова мурдагы күйөөсү Кенжебаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди. Ал 13-октябрда "ЭрСыргак" Youtube каналында түз эфирге чыгып, Кенжебаев кытай агенттери менен биргеликте кармалганын белгиледи. Ошондой эле ага "чындык үчүн өмүрүн тобокелге салууга туура келгенин" айтты.
"Сыргак Кенжебаевдин камалышы тууралуу кабарларды айтып жатканыңызды көрүп жатам. Менин атымды бардык жерде белгилеп, бардык жерде менин сүрөтүмдүн жарыяланып жатышы мени реакция кылууга аргасыз кылды. Мен унчукпай деле койсом болмок, бирок мени аралаштырууну суранышса, мен ага катышам... Тилекке каршы, биздин өлкөдө чындыкты айтуу табу болуп калды", - деген ал.
Айтматова "Шумкар" деп аталган кыймылдын саясий багытын жеке өзү колдой турганын белгилеген.
Сыргак Кенжебаев соңку айларда бийликти сындаган бир нече билдирүүлөрдү жасаган эле. Ал президент Садыр Жапаровдун жакындарынын атын атап, алар мамлекеттик маанилүү тармактарды, өзгөчө бажы жана логистикалык схемаларды көзөмөлдөп келатканын айтып чыккан. Мындан соң Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде ага жооп берип, айтылгандарды четке каккан.
Сыргак Кенжебаев “Кумтөрдүн” мурдагы башчысы, чет өлкөдө жүргөн Тенгиз Бөлтүрүк, активист Самат Кушбек менен бирге “Шумкар” аттуу кыймыл түзүлгөнүн жарыялап, социалдык тармактарда бийликтин аракеттерин сындаган видеолорду жарыялап келаткан. (BTo)