Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева кызматтан алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” 16-октябрда кабарлады.
51 жаштагы Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп 2022-жылдын күзүндө дайындалган. Ал 2009-2013-жылдары Кыргызстандын Бээжиндеги дипломатиялык мекемесинде биринчи катчы жана элчинин кеңешчиси болуп иштеген.
2025-жылы январь айында Садыр Жапаровдун Кытайга пландаган мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо келтирген одоно катасы жана “мамлекеттик кызматкерлердин өз ара карым-катнашынын этикасын бузгандыгы” үчүн деген негизде Актилек Мусаевага сөгүш берген.
Анын ордуна президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды.
47 жаштагы Айзада Субакожоева 2015-2016-жылдары Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн адиси, 2016-2018-жылдары ушул эле бөлүмдүн аналитикалык секторунун жетекчиси, 2018-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысынын орун басары болуп иштеген.(BTo)