Согушта каза тапкан орусиялыктардын кеминде 281 миңинин аты-жөнү аныкталды

Орусия. Санкт-Петербург. Согуш башталганы Орусиянын аймактарында улам бир жаңы көрүстөн ачылууда.

Би-би-си, «Медиазона» жана ыктыярчылар тобу Украинага каршы согуш башталгандан бери каза болгон орусиялык аскерлердин кеминде 281 753үнүн аты-жөнүн аныктап чыгышты.

Эң көп жоготууга учурагандар орус армиясынын элитасы деп аталып жүргөн үч бөлүктө катталды. Алар: деңиздеги 810 жана 155-бригадалар жана ошондой эле 76-десанттык-штур дивизиясы.

Фронтто оор тилкелер көп болгондуктан, байкоочулардын баамында, бул бөлүктөрдү толук калыбына келтирүү үчүн тылга чыгарып кетүүгө убакыт жетишпей жатат. Натыйжада десантчылар менен деңиз жөө аскерлерин алдыңкы тилкеден кыска мөөнөткө гана чыгарып, курамын толуктап, андан соң кайра эле эң маанилүү деп эсептелген жаңы багыттарга жөнөтүп жатышат.

Украина соңку жолу өз жоготуулары тууралуу быйыл февралда маалымат берип, президент Владимир Зеленский 55 миң украин аскери жана офицери набыт болгонун билдирген. Бирок Батыштагы эксперттер бул көрсөткүч чыныгы сандан төмөн болушу мүмкүн деп эсептешет.

Соңку учурда Орусия келишим түзүп, согушка жөнөткөн жарандарга дароо өзүнүн жарандыгын берип жатканы айтылган.

Украинанын мамлекеттик "Хочу найти" долбоору 2026-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 миңдей жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын апрель айында билдирген. Бул сан алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныкталганы белгиленген. 

Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экенин белгилүү болгон. Августта Би-би-синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.

"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.

"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, бөтөн элдин согушуна катышуу кылмыш экенин эскертип келет.

13-октябрда министр Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирди.

Дагы караңыз

Стамбулда селден кийинки куткаруу жана тазалоо иштери улануудаАКШда өспүрүм мектепте ок чыгарып, кеминде төрт өмүр кыйылдыТогуз айда 21 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды"Шишип, кан чыкканча жүрбөш керек". Эмчек рагы кечиккенди кечирбейт