Кыргызстанга картөшкө ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда картөшкөнүн ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү болгондуктан импортко 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чектөө Кыргызстан аркылуу транзит менен өткөн жана сыноо, башка иш-чаралар үчүн ташылып келчү картөшкөгө тиешеси жок экенин билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан жылына 779 миң 700 тоннага жакын картөшкө керектейт. Ушул тапта өлкөнүн өзүн өзү картөшкө менен камсыздоосу 181,9% түзөт. 2026-жылы Кыргызстанда болжол менен 1 млн 249 миң 700 тонна картөшкө өндүрүлөт деп күтүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы: автобустун айдоочусу катышкан жол кырсыгы иликтенип жататСуваналиев менен Жапыкеев кыргыз тилинен кайра тест тапшырса болотСогушта каза тапкан орусиялыктардын кеминде 281 миңинин аты-жөнү аныкталдыСтамбулда селден кийинки куткаруу жана тазалоо иштери улануудаАКШда өспүрүм мектепте ок чыгарып, кеминде төрт өмүр кыйылдыТогуз айда 21 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыКара-Сууда алты жашар кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бала бакча кызматкери кармалдыАйзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды