17-октябрда Армениянын борбору Ереван шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий сапары алкагында эки өлкө ортосунда 2027–2029-жылдарга кызматташуу боюнча "Жол картасына" кол коюлду.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн алакасын чыңдоого багытталган дагы бир катар эки тараптуу документтер кабыл алынды.
Арасында эки өлкө жарандарынын сапарлары жана жүрүү тартиби, билим берүү, илим, экология, пенсия менен камсыз кылуу жана жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы кызматташтык боюнча макулдашуулар жана меморандумдар бар.
Ошондой эле Кыргызстандын жана Армениянын Улуттук илимдер академиялары кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бишкек жана Ереван шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө да макулдашуу кабыл алынды.
Жапаров менен Пашиняндын кеңейтилген форматтагы жолугушуусунда соода-экономикалык кызматташтыкты, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана жаңы соода каттамдарын ачуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле экология жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташууга көңүл бурушту. Пашинян 2027-жылы Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакыруу алды.
Жапаров 16-октябрда Ереванда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү конвенциясынын COP17 конференциясына катышкан. (ZKo)