18-октябрдын аба ырайы: Айрым жерлерде үшүк жүрөт

18-октябрга караган түнү жана эртең менен Чүй облусунун түндүк бөлүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда 0...-2° чейин үшүк жүрөт.

Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, ошондой эле казылып алынып, жабылбай калган картошка менен кант кызылчасына коркунуч жаратат.

18-октябрда түнкүсүн Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Ош, Баткен жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 1...6°, күндүз 17...22°

Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 1...6°, күндүз 12...17°

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 8...13°, күндүз 20...25°

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 1...6°, күндүз 13...18°

Нарын облусунда: түнкүсүн 0...-5°, күндүз 12...17°

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4°, күндүз 18...20° болот.

Дагы караңыз

Алма менен мистеден кантип миллион тапса болот?Орусиянын эки аймагында маймыл чечегине шектелип 10 адам ооруканага жаткырылдыБаткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен адамдын сөөгү табылдыПутин оккупациядагы Донбасста иштеген италиялык кабарчыга орус жарандыгын бердиКыргызстандык ата-энелер Тажикстандын билим министрине кайрылыштыБөлтүрүк баштаган "Шумкар" кыймылынын маалыматтары экстремисттик деп жарыяланды