"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматынын директору болуп Кубат Касымбеков дайындалды. Бул чечим эл аралык медиа мекеме өткөргөн ачык сынактын жыйынтыгында кабыл алынды.
Кыргыз кызматын буга чейин жетектеп келген Венера Жуматаева быйыл 1-октябрда өз каалоосу менен кызматын тапшырган.
38 жаштагы Кубат Касымбеков соңку жылы Лондондогу Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын Кыргыз бөлүмүн жетектеп турду. Ага чейин "Азаттык" радиосунун Бишкек жана Прага кеңселеринде журналист, башкы редактор жана директордун орун басары болуп иштеген.
Кубат Касымбеков "Азаттыктын" радио жана телекөрсөтүүлөрүн алып барган, бир катар медиа долбоорлорду ишке ашырган, эл аралык сыйлыктарга татыган журналисттик иликтөөлөргө катышкан.
2011-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Студенттик кезинен тартып журналисттик долбоорлорго активдүү аралашкан.