Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

Орусия жана Украинанын соккулары: Бир нече киши каза тапты, жараат алгандар бар

Санкт-Петербургга дрон чабуулу

Орусиянын Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу 18-октябрга караган түнү украиналык дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Бул Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери аймакка карата эң ири чабуул болуп калды.

Петербургдагы чабуулдар

Жекшембиге караган түнү украин дрондору Санкт-Петербургга сокку урду.

Чабуулдун натыйжасында Петербург мунай терминалында жана "Ручьи" мунай базасында өрт чыкты. Ошондой эле "ВКонтакте" социалдык тармагынын дата-борбору жана Ozon компаниясынын логистикалык борбору жабыркады. Шаардын губернатору Александр Беглов бир адам каза болуп, беш киши ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Бегловдун айтымында, чабуул маалында 12 көп кабаттуу үй жана эки жеке турак жай жабыркаган. Ал Петербург мунай терминалында, мунай базасында жана Колпино районундагы өнөр жай кампаларында өрт чыкканын ырастады.

Орусиянын Славянск шаарына кол салуусунун кесепеттери. Донецк облусу, 2026-жылдын 17-октябры
Орусиянын Славянск шаарына кол салуусунун кесепеттери. Донецк облусу, 2026-жылдын 17-октябры

Екатерингофка дарыясынын жээгинен Шкиперский проток көчөсүнө чейинки тилкеде кыймыл эки тарапка тең токтотулду. Бул тилкеде Чоң Нева дарыясынын үстүнөн өткөн көпүрө жайгашкан.

Бийлик шаар тургундарын кырдаалга көңүл бурууга жана мүмкүн болушунча жеке автоунаа менен жүрүүнү азайтууга чакырды.

Жапырт дрон чабуулу учурунда көпүрөгө да зыян келтирилген.

Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко аймакта чабуулдан турак жайлар зыянга учураганын билдирди. Анын айтымында, көмүр кычкыл газына уулануунун белгилери менен бир аял жана үч бала ооруканага жаткырылган. Облустун үстүнөн жалпысынан 144 дрон атып түшүрүлгөн.

Өрт өчүрүүчү Орусиянын Украинага кол салуусу учурунда. Херсон шаарында Орусиянын аба соккусу болгон жерде иштеп жатат. Бул скриншот 2026-жылдын 17-октябрында жарыяланган видеодон алынган.
Өрт өчүрүүчү Орусиянын Украинага кол салуусу учурунда. Херсон шаарында Орусиянын аба соккусу болгон жерде иштеп жатат. Бул скриншот 2026-жылдын 17-октябрында жарыяланган видеодон алынган.

Кийинчерээк облустук маалымат саясат комитетинин төрагасы Никита Донцов ТАСС агенттигине жабыркагандардын саны он адамга жеткенин айтты.

Дрозденконун маалыматына ылайык, дрондордун сыныктары Всеволожск жана Гатчина шаарларындагы көп кабаттуу үйлөргө, Кировск районундагы жеке үйгө жана Ломоносов районундагы автоунаа токтотуучу жайларга түшкөн. Ошол эле райондогу эки багбанчылык кооперативинде өрт чыккан.

Ломоносов районундагы Новоселье шаарчасында токтоп турган 55 автоунаага зыян келтирилди.

Облуста электр энергиясы менен камсыздоодо да үзгүлтүктөр болду. Дрозденконун айтымында, Янино конушундагы эки трансформатордук көмөк чордон өчүрүлүп, 50 көп кабаттуу үйдүн тургундары, жалпысынан 20 миңдей адам жарыксыз калды.

ТАСС агенттиги Пулково аэропортунун басма сөз кызматына таянып билдиргендей, дрон чабуулунан улам 27 каттам токтотулуп, 46 каттам кармалды. Дагы 13 учак башка аэродромдорго багытталган. "Росавиация" аэропортко учактарды кабыл алууга жана жөнөтүүгө убактылуу тыюу салды.

Орус бийлиги чабуул маалында "ВКонтактенин" дата-борбору жана Ozon маркетплейсинин логистикалык борбору да бутага алынганын ырастады.

Ozon компаниясы тараткан билдирүүдө Санкт-Петербургдагы логистикалык борборлордун бири дрон чабуулуна кабылганы айтылат. Компания бардык кызматкерлерди ыкчам эвакуациялаганын, жабыркагандар жок экенин жана объектиде өрт чыкканын бышыктады.

Украин дрондорунун Ozon кампаларына соккулары август айынан бери катталып келет. Июлдун ортосунан тартып Wildberries компаниясынын логистикалык борборлоруна да катуу чабуулдар болгон.

VK компаниясы да Ленинград облусундагы дата-борборуна дрон тийгенин ырастап, бирок сервистер кадимки режимде иштеп жатканын маалымдады.

"Сбой.рф" порталы "ВКонтакте" тармагынын ишине байланыштуу даттануулар көбөйгөнүн каттаган.

Украинанын аскердик жетекчилиги Санкт-Петербургга чабуул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги ишемби күнү кечки саат сегизден жекшемби таңкы сегизге чейин абадан коргонуу күчтөрү 15 аймактын, аннексияланган Крымдын жана Кара деңиздин үстүндө жалпысынан 1015 украин дронун жок кылганын билдирди.

Орус тараптын маалыматына ылайык, бул Орусиянын Украинага каршы согушу башталгандан берки эң ири түнкү дрон чабуулдарынын бири болду.

Украинага сокку

Орусия 18-октябрга караган түнү Украинанын батышындагы аймактарга кайрадан сокку урду. Бутага Ровно облусу да алынды.

Облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ковалдын айтымында, сокку жарандык инфраструктура объектилерине тийип, өрттөр чыккан. Акыркы күндөрү Ровно бир нече жолу соккуга кабылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Ровнодогу "Новая почта" компаниясынын терминалына сокку урулганын билдирди.

Тернопол облусунда энергетикалык объект жабыркап, электр энергиясында үзгүлтүктөр жаралды. Волын облусунун Маневичи кыштагында өнөр жай ишканасына сокку урулуп, өрт чыкты. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Запорожьеде Орусиянын соккусунан 27 жаштагы аял каза болуп, бир нече адам жараат алды. Алардын арасында 6 жашар кыз бар. Запорожье облустук аскердик администрациясынын маалыматына ылайык, чабуулдан эки көп кабаттуу турак үй, 18 автоунаа жана бир билим берүү мекемесинин имаратына зыян келтирилген.

Полтавада Орусиянын соккусунан бир адам каза болду. Ал жерде жер үйлөргө да зыян келтирилди.

Одесса облусундагы сокку учурунда энергетикалык объект жабыркап, 20 миңден ашуун адам жарыксыз калды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-октябрда эртең менен билдиргендей, АКШ президенти жарыялаган "энергетикалык элдешүүдөн" бери Орусия Украинадагы энергетикалык объектилерге 70тен ашуун жолу сокку урду.

Орусиянын армиясы Украинаны күн сайын аткылап келет. Далилдерге карабай Москва Украинанын жарандык жайларына сокку уруп, миңдеген кишинин канына забын болуп жатканын моюнга албайт.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдоруна жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат.

Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG