Президент Жапаров “Мадинадагы” соодагерлерди үч айга ижара акысынан бошотууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров “Мадинадагы” соодагерлер менен жолугуп жатат. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров жаңы “Мадина” базарындагы соодагерлерди үч айга ижара акысынан бошотууну тапшырганын билдирди. Ал 20-октябрда базарга барып, соода шарттарына тынчсызданган жана орундарын жоготуп алуудан корккон ишкерлер менен жолугушту.

Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, ишкерлер жолугушууда ижара акысын төмөндөтүүнү өтүнүшкөн. Буга чейин алар көйгөйлөрүн айтып, социалдык тармактар аркылуу кайрылышкан.

Социалдык тармактарга тараган видеодо Жапаров алгачкы үч айда соодагерлерден акча чогултпоону, андан кийин жарым жыл же бир жыл бою эң төмөнкү акы алууну айтканын угууга болот.

Расмий билдирүүдө жаңы базарды курган ишкер долбоорду аягына чыгара албай, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергени белгиленет. Анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин бөлүп-бөлүп кайтарылмакчы. Ишкердин аты-жөнү жана кайтарылчу каражаттын көлөмү көрсөтүлгөн эмес.

Андан соң президент август айынын аягында өрт чыккан эски “Мадина” базарына барды. Ал жерде да соодагерлер менен баарлашты.

Базардын администрациясы соодагерлердин 90% жакыны жаңы жайга көчкөнүн маалымдады. Жапаров базарды ноябрдын башына чейин толук ишке даярдоону тапшырды.

"Мадина" базарынын 20га жакын соодагери 14-октябрда кайрадан нааразылык акциясына чыгып, жаңы базарга көчүүгө каршы экенин билдиришкен.

Алардын айтымында, базардын жетекчилиги соода орундарын бошотуп чыгууга 10 күн убакыт берген. Нааразылыкка чыккан соодагерлер өздөрү акча төлөп сатып алган контейнерлерин таштап кетүүгө макул эместигин айтышкан.

30-августта базарда өрт чыгып, 50дөн ашуун контейнер күйүп кеткен.

"Мадина" базарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов негиздегени коомчулукка белгилүү. Ал 2023-жылы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевди каржылаган деген айып менен кармалып, 2024-жылдын март айында үй камагына чыккан. Ошол эле жылы базардын ээси алмашканы белгилүү болгон.

Сот экстремисттик деп тапкан "Клооп" басылмасы менен журналист Болот Темиров 2024-жылы жарыялаган иликтөөдө Салимовдун "Мадина" базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган Хабибулла Абдукадырдын жакындарына, жанындагы жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткени белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматты четке кагып, “президентти жана анын жакындарын каралоо” деп билдирген. Абдукадыр былтыр журналистти жана басылманы журналисттик иликтөөсү үчүн сотко берген.

Дагы караңыз

Экс-депутат Исхак Масалиев кыргыз тилинен тест тапшырдыАктивист Азамат Баямановдун беренеси алмашып, иши сотко өттүПашинян Жапаровду “Казакстандын президенти” деп айтып алгандан кийин протокол кызматынын жетекчисин иштен алды