Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн коло алды

Акжол Махмудов. Архив.

25-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (82 кг чейин) грек-рим күрөшү боюнча коло байге алды.

Ал алгачкы беттешинде египеттик Эмад Ашраф Абу-Латтаны 5:1, андан соң грузиялык балбан Гела Болквадзени 9:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда азербайжандык спортчуну 7:6 эсебинде утуп, жарым финалда түркиялык балбанга 0:6 эсебинде жеңилик калган. Коло үчүн беттеште кытайлык спортчуну утту.

Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш (2021-ж.), Париж Олимпиадасынын (2024-ж.) коло байге ээси. Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-2017-ж.) болгон.

Астана шаарында 24-октябрда башталган чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 1-ноябрга чейин уланат. Мелдешке Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышууда. Грек-рим күрөшү боюнча 10, эркин күрөш боюнча сегиз жана кыз-келиндер күрөшү боюнча төрт балбан күрөшөт. (BTo)

Дагы караңыз

Александр Вучич парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алды Бразилиядагы президенттик шайлоо: Экинчи айлампада Лула да Силва жеңди “Ош базары” жаңы ордуна 2027-жылдын жазында көчүрүлөтПрезидент мектептердеги рэкетчиликке катуу чара көрүлөрүн айттыКапаловдун жубайы анын өлүмүн кайра иликтөө талабы менен президентке кайрылды Кытайлык компания Өзбекстандын такси рыногуна кирүүнү пландап жатат Францияда ишембидеги акцияларда миңдей киши кармалды