Орусиянын Украинага түнкү чабуулдарынан кеминде алты адам жаракат алды

Орусиянын Запорожго жасаган соккусунун кесепети. 26-октябрь, 2026-жыл.

Орус аскерлери түн ичинде Украинанын Запорожье шаарына абадан сокку урду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, кеминде төрт адам жаракат алды.

Чабуулдан бир катар объектилер жабыркаган. Запорожье облустук аскердик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Михаил Семикиндин айтымында, жеке турак үйлөргө, автоунааларга жана коммерциялык имаратка зыян келтирилип, соккулардын бири түшкөн жерде өрт чыккан.

Мындан тышкары, Украинанын Чернигов облусуна да орус аскерлери сокку урганы кабарланды. Прилуки жана Новгород-Северский райондорунда эки адам жабыркап, өрт чыккан.

Хмельницкий облусунун Каменец-Подольский районунда орус аскерлери энергетикалык объектке чабуул жасаган. Украинанын "Украинская правда" басылмасынын маалыматына ылайык, соккудан кийин электр энергиясы авариялык өчүрүлгөн.

Дагы караңыз

Францияда ишембидеги акцияларда миңдей киши кармалды Пара алууга шек саналып кармалган УКМКнын мурдагы эки жетекчиси үй камагына чыктыБаткен коогалаңында курман болгондор эскерилди Бишкек шаарына жылуулук 28-октябрда берилетСот Элдар Жакыпбеков баш болгон беш адамды камакта калтырдыАбактагы Темирлан Султанбеков кайра кат жазып, сот өкүмүн "саясий кысым" деп атады