Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди аныктоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан телефон чалып билдиришкенин тарыхчы Кыяс Молдокасымов "Азаттыкка" билдирди.
"Президенттик администрациясынан телефон чалып, атайын комиссия түзүлөт, изилденет, такталат деп билдиришти", - деди тарыхчы.
Молдокасымов 26-октябрда Фейсбук аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди аныктоо үчүн казуу иштерин уюштурууну өтүнгөн.
Молдокасымов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү макамын алган беш мамлекеттик ишмердин ичинен Жусуп Абдрахманов менен Иманалы Айдарбековдун сөөгү табылып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине кайра коюлганын, ал эми Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдин сөөгү кайсы жерге коюлганы азыркыга чейин белгисиз экенин белгилеген.
Тарыхчынын айтымында, Абдыкадыр Орозбеков 1938-жылдын май айында бир топ адам менен кошо Ала-Арча көрүстөнүнө жашыруун көмүлгөнү тууралуу маалымат бар.
"Биз сурамжылап, анын сөөгү кайсы жерге жашырылгандыгынын болжолдуу жерин тактаганбыз. Эми ал жерди тиешелүү адистер, кызматтар менен бирдикте казып, тактап, аныктоо эле калды. Абдыкадыр Орозбековдун 140 жылдыгына, Ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алдында ушул жерди кайрадан бир иликтетип-изилдетип, ачып-тактатып берсеңиз чоң иш болот эле," - деп өтүнгөн Молдокасымов.
Абдыкадыр Орозбеков Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган. Репрессияланган учурунда 48 жашта болгон. 1937-жылы сентябрда камакка алынып, сегиз айдан кийин тергөө учурундагы ур-токмоктон өлгөнү тууралуу маалыматтар бар.
2024-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Абдыкадыр Орозбековго жана бир катар башка мамлекеттик ишмерлерге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү макамы берилген.
2025-жылы Орозбековго “Эл баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы (каза болгондон кийин) ыйгарылган.
1937-1938-жылдары репрессия курмандыктарынын сөөгү жапырт көмүлгөн деп айтылып жаткан “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү изилдөөлөргө азырынча уруксат бериле элек. Тарыхчылар эгерде бул жай изилденип, далилдүү фактылар аныкталса, анда Кыргызстандын аймагында репрессияда атылгандар, жапырт көмүлгөндөр аныкталган үчүнчү жай болуп каларын айтып келишет.
2024-жылы Өзгөндүн Куршабында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, “Кекилик-Учар бейити” деп аталган мемориалдык жай ачылды.
Эгемендиктин алгачкы жылында 1938-жылы “улутчул, эл душманы” деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү Чоң-Таштын чет жакасынан табылып, кайра жерге берилген соң, ал жерде "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси курулган. "Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.
Cталиндик репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат. (ZKo/AbA)