Блогер Жолболдуева президенттин кабыл алуусунда болгонун, соттуулугу жоюларын айтты

Активист Батма Жолболдуева.

Блогер Батма Жолболдуева өзүнүн соттуулугу жоюлганын "Азаттыкка" билдирди.

"Президент Садыр Жапаров мени бүгүн, 27-октябрда Ынтымак Ордодо кабыл алды. Менин көзүмчө баш прокурорго мени актоо жана мурдагы аскердик кызматымды калыбына келтирүү боюнча көрсөтмө берди", - деди Батма Жолболдуева.

Президенттик администрация азырынча анын айткандарына комментарий бере элек.

Баткен шаарынын тургуну, блогер Батма Жолболдуева 17-октябрда Баткенден Бишкекке жөө жөнөп, өзүнө карата мыйзамсыз кылмыш иши козголгонун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куугунтугуна кабылганын жана жөө жүрүшүнүн максаты акыйкаттык издөө экенин айткан.

Батма Жолболдуева 2024-жылдын 25-декабрында Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, 2022-жылы Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында отурганда зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Ошондой эле камакта жаткан кезде ар кандай кысым болгонун, жакындары алып келген тамак-аш менен кийим-кече алынганын айткан.

Бул билдирүүдөн кийин Ички иштер министрлиги атайын маалымат таратып, Жолболдуева буга чейинки соттук териштирүүлөрдө зордуктоо тууралуу дооматтарды көтөрбөгөнүн белгилеген. Мекеме анын соңку билдирүүлөрүн «коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети» деп сыпаттаган.

36 жаштагы Жолболдуева Баткендеги ашкана жана дүкөндөрдүн санитардык абалын, товарлардын жарактуу мөөнөтүн текшерген видеолору аркылуу коомчулукка таанылган. 2022-жылдын март айында камакка алынып, ошол эле жылдын август айында үй камагына чыгарылган.

Ага Баткендеги журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу», «Документтерди жасалмалоо» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча айып коюлган.

2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Жолболдуеваны «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери боюнча актаган. Ал эми «Ээнбаштык» боюнча күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айыпка жыккан. «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок жаза өтөөдөн бошотулуп, бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алынган.

Кийин бул өкүмдү Жогорку сот күчүндө калтырганын Жолболдуеванын мурдагы адвокаты Назгүл Сүйүнбаева «Азаттыкка» билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Эсептик чен 12% деңгээлинде калып, инфляция 10,8% төмөндөдүКыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жатат"Ала-Арча" көрүстөнүндө Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди аныктоо иши башталатУкраинада дрон жана ракета соккусунан адам өмүрү кыйылды"Айына 90 миң сом төлөй албайм". "Дөөлөт курулуштун" үлүшчүлөрүнүн даты, бийликтин жообу Эки баласы менен курьер болуп иштеген аялга элден 7 миллион сом чогултулду