“Ата-Бейитти” өнүктүрүү боюнча архитектуралык сынак жарыяланды

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин куруу, көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча архитектуралык концепцияны иштеп чыгууга ачык конкурс жарыяланганын кабарлады. Президенттин тапшырмасынын аткарылышын мамлекеттик катчы Арслан Койчиев көзөмөлдөйт.

Министрлик сынактын негизги максаты — комплекстин тарыхый жана руханий маанисин сактоо, улуттук эс тутумду чагылдырган заманбап архитектуралык мейкиндикти түзүү, аймакты көрктөндүрүү жана келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү экенин кошумчалады. Ага тажрыйбасы бар архитекторлор, долбоорлоо жана шаар куруу уюмдары, инженерлер, дизайнерлер, илимий-изилдөө мекемелери, ошондой эле чыгармачыл жамааттар катыша алат.

“Конкурстун негизги талаптарына мемориалдык комплекстин тарыхый өзгөчөлүгүн жана учурдагы эстеликтерин сактоо, аймакты архитектуралык жактан өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, транспорттук жана инженердик инфраструктураны жакшыртуу, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө, расмий делегацияларды кабыл алууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү кирет”, - деп айтылат маалыматта.

“Ата-Бейит” - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. “Эл душманы” жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген “Ата-Бейит” көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

Улуттук тарыхый мемориалдык комплекс Бишкектен 30 чакырым жерде Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан. Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, 2010-жылдагы ыңкылапта каза тапкандардын жана кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскерлердин сөөгү да “Ата-Бейитте” жерге берилген. (BTo)

Дагы караңыз

Блогер Жолболдуева президенттин кабыл алуусунда болгонун, соттуулугу жоюларын айтты Эсептик чен 12% деңгээлинде калып, инфляция 10,8% төмөндөдүКыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жататУкраинада дрон жана ракета соккусунан адам өмүрү кыйылдыКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда 10 миңден ашык жумушчу иштеп жатат"Кумтөр" ишканасы мамлекетке которгон төлөмдөрүн эки эсе көбөйткөнүн билдирди Харьковдо Орусиянын ракета соккусунан эки адам мерт кетип, төртөө жаракат алдыДүйнө чемпионаты: Амантур Исмаилов грек-рим күрөшүнөн коло алды