Депутат абактагылар гимн ырдабаганы үчүн жазаланып жатканын айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев түрмөдө, тергөө абагында жаткан адамдар мамлекеттик гимнди туура эмес ырдап же таң эрте аны аткарууга кечиккендер жазага тартылып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 28-октябрдагы жыйынында айтты.

“Мен мамлекеттик гимнди сүйөм. Бирок таң атпай гимн ырдатып, туура эмес ырдагандарды жазага тартуу канчалык жыйынтык берет? Албетте, түрмө курорт эмес. Аны баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок мен адамгерчиликтүү мамиле болсо экен дейм. Алар бузуп ала турган эрежелер көп болууда”, - деди ал.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Сарчаев жабык жайларда жаткандарга гимн ырдатуу аларды мекенчилдикке чакыруунун жолу экенин айтты. Мындан тышкары гимнди туура эмес ырдаган деген негизде камактагы адам айып изоляторуна (ШИЗО) киргизилген окуялар жок экенин кабарлады.

Дастан Бекешев камактагылар аларга болгон мыйзамсыз же катаал аракеттер боюнча эч качан арыз жазбай турганын билдирип, Нурлан Сарчаев гимн боюнча талапты карап көрүшөрүн айтты. (BTo)

Дагы караңыз

Израил: Нетаньяхунун блогу шайлоодо аз айырма менен алдыда баратат Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз бердиМэр Жунушалиев ишкерден акча алган кызматкерлерин текшерүүнү талап кылдыӨзгөндө былтыр курулган спорт комплекс урап жатканы айтылды Бишкектеги ыш маселеси кайрадан көтөрүлүүдөСадыр Жапаров эл менен жолугушуусу шайлоого байланыштуу эмес экенин айттыСанкциялык тобокелдиктен улам Кыргызстанда жалпы 52 ишкана жабылдыПрезидент Жапаров Ширшов мамлекеттик мекемелердин ишине кийлигишпей турганын айтты