Жапаров Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана "Маариф" билим берүүгө олуттуу салым кошконун айтты

Садыр Жапаров. Анкара шаары.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен “Маариф” фонду олуттуу салым кошконун айтып, топтолгон тажрыйбаны башка боордош өлкөлөр менен биргелешкен билим берүү мекемелерин түзүүдө пайдалануу сунушун берди.

Мамлекет башчы бул тууралуу 30-октябрда Түркиянын борбору Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын 13-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты. Мындан тышкары 2027-жылы Кыргызстанда Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитин өткөрүүнү сунуштады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети алдыңкы окуу жайлардын бири. 1995-жылы Кыргызстандын жана Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде түзүлгөн. Окуу жайда студенттер акысыз билим алышат.

“Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 2024-жылдын 31-декабрында белгилүү болгон. “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген “Сапат” билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.

Фетхулла Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ элчилиги виза алуудагы алдамчылыкты алдын алуу иштерин күчөткөнүн билдирдиКыргызстанда бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алганКасымалиевге "Эмгек баатыры", Туманбаевге I даражадагы "Манас" ордени ыйгарылдыСогушта каза болгон орус аскерлеринин кеминде 285 миңинин аты-жөнү такталдыБорбор Азияда электрди керектөө үч жылда 27% өсүшү мүмкүн экени айтылдыКыргызстанда электр жарыгын керектөө бир жылда 29,1% көбөйдүНетаньяху да, оппозиция да шайлоодо көпчүлүккө жете алган жокBinance хакердик чабуулга кабылып, 6,3 млрд долларлык активдер жабыркады