31-октябрга караган түнү орусиялык учкучсуз учактар Украинанын Харьков шаарынын жеке турак жайлар жайгашкан аймагына чабуул койду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, беш адам жараат алды.
Жалпысынан 10го жакын жер үйгө, чарбалык курулуштарга жана бир автоунаага зыян келтирилгени белгилүү болду.
Киев облусунда түнкү дрон чабуулунан 1950-жылы туулган аял жана 1951-жылы туулган эркек жабыркады. Облустук администрациянын башчысы Тимур Ткаченконун билдиришинче, жер үй жана сарай талкаланды.
Түн ичинде Киев шаарынын мэри Виталий Кличко орусиялык дрондор маанилүү инфратүзүм объектисине сокку урганын билдирди.
Сумы облусунда дрон үйгө тийген. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын баштапкы маалыматына караганда, бир адам жабыркады. Имараттар жана транспорт каражаттары жабыркап, өрт чыкты.
Днепропетровск облусунда энергетикалык инфратүзүмгө чабуул жасалып, энергетикалык жабдуулар жабыркады.
"Днепр жана Каменское шаарларынын бир топ бөлүгү, ошондой эле Днепр жана Новомосковск райондорунун тургундары дагы деле электр жарыгысыз отурушат", - деп айтылат жергиликтүү энергетикалык компаниянын билдирүүсүндө.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, түн ичинде өлкөгө жалпысынан 134 орусиялык дрон чабуул койгон. Алардын 105и атып түшүрүлгөн.