"Биз эски батирде, ал токолу менен чоң үйдө жашачу экен". Кош нике көйгөйү

Иллюстрация сүрөт.

Президент Садыр Жапаровго кош нике тууралуу арызданган аялдын күйөөсүнө иш козголуп, камакка алынгандан кийин соцтармактарда мындай мамиледен жабыркаган аялдар арыз-арманын айтып чыгышты. "Азаттык" алардын айрымдары менен байланышып, окуяларын, көйгөйлөрүн укту.

Укук коргоочулар бул окуя миңдеген фактылардын бири гана экенин, өлкөдө кош никеге мыйзам тыюу салганы менен кеңири жайылган көрүнүш экенин айтууда.

"Биз эски батирде, ал токолу менен чоң, эки кабат үйдө жашап жүрүптүр"

Бишкектин тургуну Гүлиза үч баласынын атасы ишкерлик кылып жүрүп, өзүндөй ишкер келин менен чогуу жашап, балалуу болуп калышканын кеч билгенин айтып берди:

"Акчаны жакшы тапчу, башында базарда тактай сатып иштеп, кийин дагы башка бизнесте жүрдү. Ач калып, ток калып, батирлеп, ысык-суукта дайыма чогуу жүргөнбүз. Жогорку билимим болсо да мени иштетчү эмес, балдарды карап үйдө отур деп, тамак-аштан тартып кийим-кечеге чейин өзү камсыздачу. Ушунчалык ээнөө болгон экенмин, ишке байлап, эки жакка кеткенине шылтап, үйгө токтобой калганына деле маани бербептирмин. Кичүү балам төрт жашка чыкканда гана анын башка бүлөсү да бар экенин, ал жактагы кызы да төрткө чыгып калганын билип атпаймынбы. Анда да билмек эмесмин балким, менин балдарым барган бала бакчага бериптир тиги кызын дагы. 19 жашымда баш кошуп, 15 жылдан ашык жашагандан кийинки кылыгын кечире албадым. "Ажырашам, жообумду бер" дегениме көнгөн жок. Мен балдарды алып ата-энемдин үйүнө кетип, андан кийин сотко өзүм бердим. Сотко "эч жерде иштебейт" деген кагаз көтөрүп келип, алимент төлөй албасын, үч бөлмөлүү "хрущевка" батирдеги өзүнүн үлүшүнөн балдары үчүн баш тартарын айтып, кутулуп кетти".

Гүлизанын айтуусунда, жолдошу ажырашпай эле эки жакта эки аял менен жашай бергиси келген.

"Мага ошондой сунушун айтты. Бирок мен макул болгон жокмун, анткени мамилесин көрдүм да. Биз кыйналып иштеп жүрүп, араң жеткен батирде жашап жүргөн кезде ал токолу менен чоң, эки кабат үйдө жашап жүрүптүр. Экөөнүн тең машиналары бар болчу экен, мага "акча жок" деп эң зарыл муктаждыктарымды алганга да уруксат берчү эмес. Тескерисинче, менин ансыз жашоом жакшы өтүп жатат, "хрущевка" батирибизди жаңы, кенен үйгө алмаштырганы жетиштим. Балдарды ата-энемдин жардамы менен кыйналсам да өзүм бактым, азыр эми улуулары студент, кичүүсү мектепте окуп жатат, эч кандай жардам да берген жок, катышпайбыз дагы".

Дагы караңыз

Президентке кош нике тууралуу арызданган аялдын күйөөсүнө иш козголуп, камакка алынды

"Жүрөгүм ушунчалык муздады..."

Жашы элүүдөн өтүп калган Мээркан болсо күйөөсүнүн башка аялы, андан туулган балдары бар экенин билсе да, ажырашпай жашап жатканын айтты:

"Биз уулубузду үйлөнтүп, кызыбызды күйөөгө берердин алдында күйөөмдүн башка жаш аялы, андан балдары бар экенин билип калдым. Албетте, чатак болду, уруштук, талаштык. Бирок ажырашкан жокпуз. Тескерисинче, өзүм ага мындан ары да ушундай боюнча жашай берүүсүн сунуш кылдым. Анткени куда-сөөк деген бар, дагы төрт балам турат үйлөп-жайлай турган. Элүүдөн ашып калганда ажырашып алып, элдин бетин кантип карайбыз деген себеп менен гана арга жок эл көзүнө "идеалдуу үй-бүлө" болуп жашап келе жатабыз. Бирок жүрөгүм ушунчалык муздады, мектепти бүтөрүм менен ала качып алган, жокту да, барды да чогуу көрүп, суукта баткак кечип базарда иштеп жүрүп, чампалап өзүбүз курган эки бөлмөлүү үйдө балдарыбыз да бирде ач, бирде ток калып чоңоюшканын, жаштыгымды, өмүрүмдү, ден соолугумду аягында минтип "сатып кете турган" адамга арнаганыма арданам", - деди Мээркан.

Дагы караңыз

Көп аял алган жаран жазага тартылат. Парламентте талаштуу долбоор кантип өтүп кетти?

"Күйүгүп жүрүп оорукчан болуп калдым..."

34 жаштагы Сабира күйөөсү өзү менен жакшынакай жашап жүрүп эле башкага үйлөнүп алганы үчүн күйүгүп, оорукчан болуп калганын жашырбады:

"Суук цехтерде башымды көтөрбөй иштеп, балдарымды багып, батирдин акчасын төлөп, тытынып жүрсөм, ал тапканын тигисине сарптап, гүл белек кылып, батирин төлөп берип жүрүптүр... Эстегим да келбейт, катуу кыйналдым. Түндө уктабай калгам, ошентип сыгылып жүрүп, жатын рагына чалдыктым. Эки баламды эсептебегенде ошол күйөө деген эркектен жакшылык көргөнүм жок. Эркек үчүн күйүгүштүн эч кереги жок экенин кеч түшүндүм. Аны кайтарып алам деп тытынгандан көрө өзүмдү карап, ден соолугумду ойлосом болмок экен".

"Ушунчалык баёо болгонума таң калам"

24 жаштагы Гүлдесте башка аял менен жашап алган күйөөсүн кайтаруу үчүн бүбү-бакшыларга барганын эскерди.

"Туугандарыбыз аркылуу таанышып, үйлөнгөнбүз. Үйлөнгөндөн бир ай өтпөй, мени ата-энесинин жанына калтырып, Москвага кетти. "Чогуу баралы" дегениме көнгөн эмес, көрсө ал жакта башкасы бар экен. Анысын деле билчү эмесмин, анткени ишине шылтап мени менен телефондон деле кыйратып сүйлөшчү эмес. Чалсам же түнкү нөөмөттөн келип уктап жаткан же кайра ишке барган болуп эле салкын ал-жайды сурамыш болуп койчу. Мага акча жиберчү эмес. Он айдан кийин реестрге кирип калганы үчүн кайтып келген аргасыз, балким келмек деле эмес. Келери менен мага "сени сүйбөйм, апамдардын сөзүнөн чыга албай алганмын, кечирип кой" деди. Башка сөз айткан жок, кайын энем да "эми жашай албасаңар мен эмне демек элем" деп койду. Атам кайтыш болуп кеткен, апам намысына чыдабай, "ичиме баткан тышыма батпай калмак белең" деп берген себинин баарын жүктөп, үйгө алып кетти. Аябай кыйналдым, мен деле аны сүйүп-күйүп тийген эмесмин, бирок көз ачып көргөн эркегим болгону үчүн, аябай кыйналдым. Курбуларым менен чогуу бир канча бүбү-бакшыларга бардым. "Силерди бирөө ортоңорго түшүп, суутма кылыптыр. Темир тыйындарды алып келсең, дем салып берем, ысык отко саласың, тыйын ысыганда күйөөңдүн дагы сага сезими ысыйт" дегенине ишенип, монета көтөрүп баргам. Тойдогу чогуу сүрөттөрүмдү канча бакшыларга алып барып, окутуп, дем салдырганымды эстесем, азыр күлкүм келет.. Ушунчалык баео болгонума таң калам".

Дагы караңыз

"Күйөөм үстүмө аял алып, карызын мага төлөттү". Сузактагы муңдуу тагдырлар

"Эки аял алганы үчүн эмес, өкмөттү алдаганы үчүн камашты"

31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту президент Садыр Жапаровго күйөөсүнүн кош никеси жөнүндө айтып кайрылып, жардам сураган Гүлзат Абакированын күйөөсүн камакка алды. Сот чечимине ылайык, эми ал 20-ноябрга чейин камакта болот.

Бирок ага кылмыш иши кош никеге тыюу салган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (“Эки жана андан көп аял алуу”) менен эмес, 209-беренеси («Алдамчылык») менен козголгонун белгилеген Абакирова күйөөсү 176-берене боюнча Октябрь райондук сотунда мурда акталганын "Азаттыкка" билдирди:

"Мен мурдагы күйөөм Нуржан Усеновдун айынан төрт жылдан бери барбаган жерим калбай, сотторго бир нече жолу кайрылып келдим. Бирок жыйынтык чыккан жок. Октябрь райондук соту быйыл аны "Эки же андан көп аял алуу" беренеси менен курамында кылмыш жок деген жүйө менен актаган. Ошондуктан, президент Баткенге барганда ошол жактан өзүнө кайрылууга аргасыз болдум. Бирок бул жолу ага "Алдамчылык" менен кылмыш ишин козгоп, камашты. Анткени ал экөөбүздүн расмий никебиз турса да, кийинки алган аялы менен кайра нике кагаз алган, ортодогу мал-мүлкүбүздү ошол нике кагаздын негизинде үчүнчү тарапка мыйзамсыз өткөрүп, каттаган. Аны ошол кылмышы үчүн камашты. Нуржан быйыл соттон акталгандан кийин соцтармактар аркылуу, журналисттер аркылуу менин артымдан түшүп, каралаганынан, анын үстүнөн жалган жалаа жапканы үчүн сотко кайрылгам. Ысык-Ата райондук соту 2-ноябрь күнү аны "күнөөлүү" деп таап, 20 миң сом айыпка жыкты. Бул айып пулду ал мага эмес, мамлекетке төлөйт. Менин акыбалымды мендей болуп зулумдукка кабылган аялдар гана түшүнөт".

Дагы караңыз

"Эркектер бузулду". Президент Жапаров эки аял алгандарды сындады

Кыргызстанда эки же андан көп аял алганы үчүн эркектер кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар дээрлик жок.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы сегиз жылда эки жана көп аял алгандарга байланыштуу 49 кылмыш иши катталган. Алардын бешөө гана сотко жеткен, калган 44 иш токтотулган. 43ү кылмыштын курамы жок деген негизде, дагы бири тараптардын жарашуусуна байланыштуу жабылган.

Сотко жеткенде да басымдуу учурда иш эркектин пайдасына чечилген. Алардын ичинде быйыл июлда Октябрь райондук соту Чүй облусунун мурдагы губернатору Мирбек Мияровдун иш-аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапканын белгилеп кетүүгө болот.

"Бул көйгөйгө мыйзам менен чекит коюш керек"

Укук коргоочулар Кыргызстанда кош никеге мыйзам тыюу салганы менен бул кеңири жайылган көрүнүш экенин айтууда. Гүлзат Абакированын адвокаты, юрист Адилет Мерканов кош нике маселесине президент көңүл бөлгөндөн кийин жеке өзүнө кайрылган келиндер көп болгонун, бул өтө чоң маселе экенин белгиледи.

Адилет Мерканов

"Мага аябай көп келин кайрылды, дагы деле кайрылып жатышат. Жабыркаган келиндер аябай көп экен, чындыгында бул өтө чоң көйгөйгө айланыптыр. Күйөөлөрү эки баштык кийимин чогултуп берип, балдары менен чогуу кууп чыгып эле, башка аял алган окуялар аябай көп экен. Мен кайсы бирин кароону да билбей, жетишпей калдым. Бул маселени улам токтотпой көтөрүп, чечишибиз керек. Президент өзү деле Баткенде эл менен жолугушууда "эркектер көөп кеттиңер" деп айтты. Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеште да төрага Марлен Маматалиевдин демилгеси менен жалпы 11 депутат ажырашкандан кийин балдар энеси менен көчөдө калбасы үчүн, күйөөсүн аларга үй-жай кылып берүүгө же ижарасын төлөп берүүгө милдеттендирүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бирок өзүңөр көрүп жатасыздар, ага жалаң эркектер каршы чыгып жатышат. Бул мыйзамды аягына чыгарып, көйгөйдү чечпесек, кыргыздын кыз-келиндери көчөдө балдарын артынып алып, ысык-суукка карабай иштеп жүрүшөт, кайыр сурап жүргөнү канча.. Ажырашкан соң, балдарын көчөдө тилемчи кылып таштабай, эркектер аларга кам көрүшү керек".

Дагы караңыз

"Балаңды өзүң бак дейт". Алимент боюнча жалпы карыз 6 млрд сомдон ашты

Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин ( “Эки жана андан көп аял алуу”) жоюу аракети да утур көтөрүлүп келет. Былтыр август айында Жогорку Кеңеште колдоо тапканы кийин белгилүү болгон 176-беренени күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү мыйзамды президент Садыр Жапаров артка кайтарган.

Президенттин аппараты анда көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келерин, аялдарды жана балдарды теңсиздиктен коргой турганын белгилеген.

Быйыл апрель айында Бишкек шаардык милициясы диниятчы Өзбек Чотоновду суракка чакырган. Буга анын көп аял алуунун жазасын жеңилдетүү боюнча кол топтогону себеп болгон.

Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына тартылат же 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул төлөйт.

"Азаттыкка" ымандай сырын ачкан келиндер бир ооздон бул мыйзам иштебесин айтышты.

Алар мыйзам иштеген учурда да эң жеңил жаза каралганын, азыркы учурда 100 миң сом деген айрым эркектер үчүн акча деле эмес экенин белгилешти.

"Бизде мыйзамдарды кимдер жазат? Депутаттар. Эркек депутаттар. Бүгүнкү күнү депутаттар баш болуп, кыргыздын башы көрүнгөн эркектеринин баары кош никелүү. Расмий ажырашпай туруп, эки эмес, 3-4 же андан көп аял алган таанымал ишкер, врач, жетекчи ж.б. мырзаларыбыз толтура. Тилекке каршы, ошолор салган чыйыр менен азыр айрымдарынын балдары аталарынан ашып экиден аял алып жатышат. Дээрлик бардыгы эл көзүнө "идеалдуу үй-бүлө" болгону менен, эл кимдин канча үй-бүлөсү, кимиси канчанчысы экенинен бери жакшы билет. Президент билбейби, билет. Бирок эмнеге катуу чара көрүп тыйбайт? Андай эркектерге кызмат бербей, үй-жайын, мүлкүн конфискацияласын, көчөгө чыгарып койгон балдарына өткөрүп берсин. Карыган ата-энесине, туугандарына жаздырып койгон мүлктөрүн да чукуп, алып чыгып, мамлекетке алсын,балдарына берсин. Андай болмоюнча, аялдардын укугу эч качан корголбойт. Мына зомбулук күч алды дейбиз, келиндер күйөөсүнүн колунан өлүп жатышат. Ажырашпай туруп үстүңө аял алганы да зомбулук, анткени тирүүлөй өлүккө айландырып жатышпайбы".

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук статистика комитетинин соңку расмий маалыматтарына караганда, быйылкы жылдын 8 айында Кыргызстанда дээрлик 19 миң үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Былтыркы көрсөткүчтөн бул 32% көп. Үй-бүлөдөгү зомбулук сегиз айда 26 өлүмгө жеткирген болсо, октябрь айынын аягында Кызыл-Кыя шаарында 24 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды.

Зомбулуктан жабыркап, укук коргоо органдарына кайрылгандардын жана коргоо ордерин алгандардын 96% ашыгын аялдар түзөт.

Кыргызстанда кош нике, жаш келиндердин өлүмү көп катталып жаткан чакта өлкө президентинин жубайы Айгүл Жапарова коомду үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер карабай, жабыркаган аялдарга жана балдарга өз убагында жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 30-октябрда Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун Үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңешинин биринчи жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Өз сөзүндө ал үй-бүлөлүк зомбулук коомчулукта ачык айтылбай, жашырылып калышы олуттуу көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи. Зомбулуктан жабыркаган ар бир аялдын жана кыздын үнүн угуп, аларга укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын кызматташтыгын күчөтүү зарыл болуп жатканын айтты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ичтеги муң: "20 жыл чогуу жашаган күйөөм үстүмө аял алды"