Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10 млрд 400 млн долларга жакындады

Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 10 млрд 371,63 млн долларга жетти.

Анын ичинен 5 млрд 96,38 млн доллар ички, 5 млрд 275,24 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 367,68 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 38,55% түздү.

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууга жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырган. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга кеткенин, жаңы алынган карыз өзүн өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын жазган.

Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Медербек Сатиев сот бийлиги ичинен тазаланарын айттыӨзбекстанда "диний экстремизм" деген термин мыйзамдан алынды Акай Кыдыров президенттикке талапкерлигин коюу боюнча БШКга арыз бердиПрезидент Жапаров соттордун айлыгы аз болсо коррупция күчөй турганын айттыАКШда Конгресске шайлоодо көпчүлүк добушка демократтар ээ болуп жатканы билиндиКурулуш компаниялары эми имараттын пайдубалын бүтмөйүнчө батир сата албайт"Новичок" уусун ойлоп тапкан окумуштуулардын бири Владимир Углев каза болду