Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти Бишкектеги 24 кабаттуу турак жай комплексинде болгон кырсыкка байланыштуу курулуш компаниясына эскертүү берди.
Министрликтин маалыматына караганда, департаменттин адистери окуя болгон объектке барып, текшерүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында "Дуньян" ишканасына эскертүү берилип, курулуш иштерин жүргүзүүдө белгиленген нормаларды жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр тапшырылган.
1-ноябрда Бишкектеги Фрунзе көчөсүндөгү курулуш объектинде бетон куюучу насостун түтүгү (помпасы) жарылып, бетондун чачырандылары жанаша жайгашкан үйлөргө түшкөн. Курулуш компаниясы келтирилген зыянды калыбына келтирген.
Курулуш иштеринде коопсуздук талаптары сакталбай, жанаша жайгашкан үйлөргө жана анда жашаган тургундарга зыян келтирилген учурлар Бишкекте буга чейин да катталган. 2022-жылы Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кеткен, жыйынтыгында үч киши жаракат алган.(ZKo)