АКШнын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу жаңы элчиси Стивен Гиллен дипломатиялык кызматын баштады.
Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилиги билдирди. Маалыматка караганда, Гиллен АКШнын Кыргызстандагы элчиси катары ант берди.
Элчиликтин билдирүүсүндө Стивен Гиллен АКШнын дипломатиялык кызматындагы жогорку даражалуу кызматкер экени, улуттук коопсуздук жана кризистик дипломатия тармактарында чоң тажрыйбасы бары белгиленген. Анын жетекчилиги учурунда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурулары айтылды.
Гиллен 2021-жылдын февралынан 2024-жылдын июнуна чейин АКШ президентинин барымтадагылар маселеси боюнча атайын өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. АКШнын мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш, эл аралык эмгек мамилелери, коопсуздук жана адам укуктары боюнча жардамчысынын орун басары кызматын аркалаган.
Ал Минск, Багдад жана Сараеводогу АКШ элчиликтеринде иштеген. Мындан тышкары, Ирактын Эрбил шаарындагы АКШнын башкы консулунун орун басары болгон.
Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматын Лесли Вигери аркалаган. Ал бул кызматка 2022-жылы дайындалып, быйыл дипломатиялык миссиясын аяктаган.(ZKo)