Элдар Жакыпбеков менен Сыдык Дүйшөмбиевдин иши сотко өттү, иш жабык каралат

Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевге (ред: каймана аты Пито) козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирип, ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан сотто жабык караларын кошумчалады.

Аскер прокуратурасы аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

“Эду” деген каймана аты бар Элдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан көп өтпөй кармалган. Анын артынан эле УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов кармалган.

Биринчи май райондук сотунун маалыматына ылайык, Бердибек Боронбаев 27-ноябрга, Айбек Ташматов 20-декабрга жана Тилек Абдыкалыков 15-декабрга чейин камакта калтырылды.

Июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Баткен облустук милициясы депутат Атажановго каршы жазылган арыз боюнча маалымат бердиКыргызстанда айылдардын 41,5% гана ичүүчү таза суу менен камсыздалган Ишенапысова энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө, ташып кирүүгө тыюу салынганын айттыЗеленский Орусия чабуулдун өзгөчө тактикасын колдонуп жатканын айттыСот экс-депутат Дүйшөн Төрөкуловго айып салып, камактан бошотту