Мурдагы мушкер Замирбек Сыргабаев айыпка жыгылып, камактан бошотулду

Замирбек Сыргабаев. ИИМдин сүрөтү. 18-июнь, 2026-жыл.

Мурдагы мушкер Замирбек Сыргабаев Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) жана 267-беренесинин 2-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен күнөөлүү деп табылып, 200 миң сом айып пулга жыгылды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарып, судья камактагы Замирбек Сыргабаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошотулган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Замирбек Сыргабаевди июнь айында кармап, ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен айып койгон. Милиция Кыргызстанда жана Орусиянын Свердлов облусунда адам уурдоо, тоноо жана каракчылык сыяктуу бир катар оор кылмыштарды жасоого шектүү адамдардын тобу тууралуу маалымат түшкөнүн, ал топко Замирбек Сыргабаевдин да тиешеси бар экенин билдирген.

Шектүүнү тинтүү учурунда жанынан 9,3 грамм маңзат, жашаган жеринде соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда курал-жарак табылганы айтылган.

Замирбек Сыргабаев эрежесиз эр уруш боюнча спорт чебери. 2014-жылы Кызыл-Кыя шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Ошол туштагы Ички иштер министри Абдылда Суранчиев Жогорку Кеңештен тартып айылдык кеңештерге чейинки депутаттардын арасынан “каралар” менен катышы бар делген 20га жакын адамды атаган. Алардын ичинде Замирбек Сыргабаевдин аты да аталган.

Замирбек Сыргабаев 2021-жылы Кызыл-Кыядагы спорт мектебинин директору болуп турган учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. (BTo)

Дагы караңыз

Баткен облустук милициясы депутат Атажановго каршы жазылган арыз боюнча маалымат бердиЭлдар Жакыпбеков менен Сыдык Дүйшөмбиевдин иши сотко өттү, иш жабык каралатЖалал-Абадда мыйзамсыз жер берүү ишине байланыштуу үч адам кармалдыКыргызстанда айылдардын 41,5% гана ичүүчү таза суу менен камсыздалган Ишенапысова энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө, ташып кирүүгө тыюу салынганын айттыЧехияда коомдук медианы каржылоо реформасына каршы ири митинг өттүЗеленский Орусия чабуулдун өзгөчө тактикасын колдонуп жатканын айтты