Ала-Арча улуттук паркына баргандар каттоого алынып, аларга жүргөн жерин аныктоочу GPS-трекерлер берилет.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында билдирди. Ал бул үчүн атайын онлайн система иштелип жатканын кошумчалады.
Министр системанын алкагында ким кайсыл жакка жана ким менен чыкканы алдын ала аныкталарын белгиледи. Маалыматка караганда, аталган паркка күнүнө 7 миңдей киши кирип-чыгат.
Чыныбаев 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнөн кийин министрликтин маалымат алмашуу иштери, ички алгоритми каралып чыкканын айтты. Ал бул окуяда адамдык фактор себеп болгонун белгилеп, мындан ары окутуулар, даярдык иштери күчөтүлөөрүн белгиледи. Ал ӨКМ куткаруучулары былтыр 542, быйыл 297 адамга жардам бергенин айтты.
Министр катары өзүнө тийиштүү болгон жоопкерчиликти алуудан качпай турганын кошумчалады.
7-ноябрдан бери Чүйдүн Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылган. Жол таппай калганы тууралуу 112 номуруна өзү маалымат берген Амирдин өлүмүнөн кийин ӨКМдин дарегине кескин сындар айтылган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин 11-ноябрдагы жыйынында атайын комиссия териштирүү жүргүзүп жатканын билдирген.
Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда министр Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берген. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул эле күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асановду жана министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиевди кызматтан алган.
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов да кызматынан бошотулган. Бул окуянын негизинде Аскер прокуратурасы шалаакылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. (КЕ)