Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда Бактыбек Молдалиевдин "экстремисттик материал тараткан" деп айыпталып, үч жылга кесилишин айыптады. Уюмдун Европа жана Борбор Азия аймактык директору Фиона О'Брайен муну Кыргызстандагы сөз эркиндигине кысым деп сыпаттады.
"Kloop иликтөөчү басылмасынын материалы менен бөлүшкөнү үчүн социалдык тармак колдонуучусунун Кыргызстанда үч жылга эркинен ажыратылышы олуттуу тынчсызданууну жаратат. Бул бийликтин өкмөттөгү коррупция тууралуу маалыматтарды жарыялоону басуу аракеттери күчөгөнүн көрсөтөт. Буга чейин, 2025-жылы бийлик Kloop басылмасынын сыйлык алган коррупция боюнча иликтөөлөрүн «экстремисттик» деп тааныган. Кыргызстан үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй мындай кадам президент Садыр Жапаровдун тушунда өлкөдөгү медиа эркиндиги канчалык деңгээлде чектелип калганын көрсөтөт", - деген О'Брайен.
Бишкектин Октябрь райондук соту 11-ноябрда Бактыбек Молдалиевди "экстремисттик деп табылган медианын материалдарын бөлүшкөн" деп айыптап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. Курулушта ширетүүчү болуп иштеген Молдалиев тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Ал телефону былтыр ноябрдан бери милиция кызматкерлеринин колунда экенин билдирген.
49 жаштагы Бактыбек Молдалиев 2025-жылы ноябрда саясатчылар Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана башка он чакты киши кармалган учурда ишчи иштер бөлүмүндө сурак бергенин, ошондо милиция анын кол телефонун "далил зат" катары алып калганын жубайы "Азаттыкка" билдирген.
Молдалиевди милиция быйыл май айында кайра кармап, камакка алган. Ал башында Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") 3-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен шек саналып жаткан. Кийинчерээк Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") 1-бөлүгүнө ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пайдалануу") алмаштырылган.
Ишти тергеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы анын себебин түшүндүргөн эмес жана кайсы медианын материалын бөлүшкөнүн да ачыктаган эмес.
Сот жүрүшүндө милиция белгилеген медиалар Kloop жана «Айт Айт Десе» долбоорлору экени белгилүү болгон.
Быйыл мартта Жогорку соттун коллегиясы Kloop, Temirov LIVE жана "Айт-айт десе" медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп таануу тууралуу Октябрь райондук жана Бишкек шаар сотторунун чечимин күчүндө калтырган. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет. Президент сындаганы үчүн кармалгандар бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин жакында Жапаров журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде айткан:
"...мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет".
Президент Kloop Media фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Мамлекет башчы Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген. (ZKo)