Арслан Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти менен жолукту

Лиза Көртис жана Арслан Койчиев.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев 19-ноябрда Бишкекте “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Лиза Көртисти кабыл алды.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы жолугушууда Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигинин өнүгүшү, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы – “Азаттыктын” ишмердүүлүгү, мындан аркы кызматташуу талкууланганын билдирди.

“Арслан Койчиев Лиза Көртисти жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, “Азатттыктын” ата мекендик журналистиканын калыптанышындагы тарыхый ролун жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле сапаттуу журналистиканын, фактыларды объективдүү текшерүүнүн жана жогорку редакциялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду”, - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик катчы ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берди. Лиза Көртис “Эркин Европа/Азаттык” радиосу тыгыз кызматташууга даяр экендигин айтты.

“Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (ЭЕ/АР) миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө. (BTo)

Дагы караңыз

Агартуу министрлиги Чүйдө өрт чалган мектеп боюнча маалымат бердиТрамп жана Путин Кытайда үч тараптуу жолугушуу алдында сүйлөштүОрусия Украинаны "Оникс" ракетасы жана дрондор менен аткыладыHRW кыргыз бийлигин Бактыбек Молдалиевди абактан бошотууга чакырдыПрезидент Жапаров "Түндүктөн" талапкерлерге кол топтоого көмөктөшүүгө үндөдүЗыяратка баратып Ташкентте калып калгандардын 54ү умрага кетип, калганы өлкөгө кайтатУлуттук банк быйыл валюта базарына 2 млрд 500 млн доолар саттыМосквадагы “Сахарово” борборунда 200гө жакын кыргыз жараны кармалып турат