Чүйдө ишкерден 100 миң доллар талап кылган деген шек менен эки адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунда ишкерлерден 100 миң доллар опузалап талап кылган деген шек менен эки адам (1989-жылы туулган Ж.У.К. жана 1969-жылы туулган К.Т.М.) кармалганын кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, “Багбанчылык” коомунун төрагасы (Ж.У.К.) шериги менен чогуу (К.Т.М.) облустун аймагында кум-шагыл аралашмасын казып алуу боюнча мыйзамдуу иштеп жаткан ишкерге тоскоолдук жаратып, 100 миң доллар талап кылган.

Атайын кызмат тараткан видеодо үч адам бир бөлмөдө отурганы, алардын бири ишкер деп көрсөтүлгөн кишиден каражат талап кылып, аны бербесе “суу, электр жарыгын өчүрүп, жолду жабарын” айтканын көрүүгө болот. Видео кайсыл жерде, кандай жагдайда тартылганы белгисиз.

17-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр талап кылынган акчанын 30 миң долларын алып жаткан учурда кармалганы маалымдалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Он айда 23 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыБаткенде куурап калган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголдуТрамп, Путин жана Си биринчи жолу үч тараптуу жолугушуу өткөрүштүАкунбеков Түркмөнстанга мунай заттарын Кыргызстанга ортомчусуз жеткирүүнү сунуштадыАрслан Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти менен жолуктуHRW кыргыз бийлигин Бактыбек Молдалиевди абактан бошотууга чакырды