“ЭлКат” Кыргызстанга интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз компания болду

“ЭлКаттын” эн белгиси.

“ЭлКат” компаниясы Кыргызстандын аймагына интернет-трафикти жеткирүү, берүү жана башка мамлекеттерге транзит өткөрүү боюнча жалгыз оператор болуп аныкталды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

“ЭлКатка” мындай артыкчылык берүүнү Президенттин иш башкармасы демилге кылып, август айында токтом долбоорун иштеп чыккан. Анда Кыргызстанда иштеп жаткан жана жаңы түзүлгөн телекоммуникация операторлорун эл аралык интернет-трафикти бир гана “ЭлКаттан” алууга милдеттендирүү жазылган. Токтом киберкоркунучтарды алдын алуу, байланыш кызматтарына баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн иштелип чыкканы айтылган.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын июль айында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана камсыздоо боюнча убактылуу мамлекеттик монополия киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, “ЭлКат” компаниясына башта сөз болгондой эле укук берилген. Жарлык 2026-жылдын 14-августунда күчүн жоготот деп белгиленген.

Президенттин иш башкармасы бул убакыт аралыгында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана кызмат көрсөтүүгө 1 Мбит/с үчүн 0,75 доллар бирдиктүү тариф белгиленип, өлкөдөгү негизги беш байланыш оператору жалпысынан айына 11 млн сомго жакын (жылына 131 млн сом) каражат үнөмдөгөнүн билдирген.

“ЭлКат” ишканасы 2025-жылы мамлекетке кайтарылып, Президенттин иш башкармасына өткөрүлгөн.

Компаниянын мурдагы директору Уланбек Толубаев, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелев “коррупцияга” шек саналып, 2025-жылы февраль айында камакка алынган. Көп өтпөй УКМК буга байланыштуу түшүндүрмө берген. Анда компания 1994-жылы түзүлгөнү, 51% президенттин аппаратына, калган 49% “Компьютердик технологиялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгону, кийин кызмат адамдардын кийлигишүүсүнүн негизинде коррупциялык жолдор менен жеке колго өтүп кеткени айтылган.

“ЭлКат” ишканасы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталып жүргөн Алексей Ширшовдун көрсөтмөсүнүн негизинде мамлекетке өткөнүн президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбеков билдирген.

Айрым адистер эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана камсыздоого мамлекеттик монополиянын киргизилишин сынга алышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Чүйдө ишкерден 100 миң доллар талап кылган деген шек менен эки адам кармалдыАбактагы Жээнбеков Зулушевди жоопко тартууну талап кылдыОн айда 23 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыБаткенде куурап калган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголдуТрамп, Путин жана Си биринчи жолу үч тараптуу жолугушуу өткөрүштүАкунбеков Түркмөнстанга мунай заттарын Кыргызстанга ортомчусуз жеткирүүнү сунуштадыКрым көпүрөсүндөгү жабыркоонун спутниктен тартылган жаңы сүрөтү жарыяланды