Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан бир тууган эже-сиңди каза болду. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсык 17-ноябрдын таңында болгон.
Ош–Сары-Таш–Эркечтам автоунаа жолунун 5-чакырымы – Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылында 18 жаштагы айдоочу (М.К.) Daewoo Matiz үлгүсүндөгү машине менен чыгышты көздөй бара жатып эки өспүрүм кызды (2014-жылы туулган М.Ф. жана 2019-жылы туулган М.С.) сүзүп кеткен.
Кыздар Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 18-ноябрда алган оор жаракатынан каза болгон.
Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөө кызматы тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, автоунаа айып короого токтотулду. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык болгон жерде жол белгилери, жөө адамдар өтүүчү чийиндер жана жол сызыктары бар экенин кошумчалады.
2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда жол кырсыгынан 572 адам каза болгон, анын ичинде 88и балдар. 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы катталып, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.
Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)