22-ноябрдын кечинде Манас шаарынын Ынтымак айылында эки кабаттуу имараттан өрт чыгып, эки киши каза болду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусутук башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекенов имараттан үч киши чыгарылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин билдирген.
Мэрия алардын экөө каза болуп, бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын тактады.
Өрт өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылып, саат 21:45те толугу менен чектөөгө алынган.
15-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы Уста Абдухалил көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн үч кызы каза болгон.
Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза тапкан. Ушул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.