Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар – автожол” өткөрүү бекетине бир жылга убактылуу чектөө кирерин 23-ноябрда билдирди.
25-ноябрдан тарта бул бекет аркылуу жеңил жана жүк ташуучу унааларга, автобустарга эки багытта тең өткөрүү толугу менен токтотулат. Мындай чектөө Казакстандын “Сыпатай Батыр – автожол” өткөрүү бекетиндеги курулуш иштерине байланыштуу киргизилип жатат.
“Жарандар мамлекеттик чек арадан жөө тартипте мурдагыдай эле өтө алышат”, - деп жазылган маалыматта.
Казакстан тарап капиталдык курулуш иштерин 2027-жылдын аягына чейин бүтүрүп, автоунааларды өткөрүүнү жандандырарын билдирген.
Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстан менен Казакстандын калган өткөрмө бекеттери кадимки шартта иштеп жатканын кабарлады.